Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

11:23 Европа менен Борбор Азиянын кызматташуусу Ашхабадда талкууланат


Түркмөнстан борборундагы жолугушууга Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев баш болгон делегация катышууда. Жыйында үч маселе каралышы белгиленди. Ал Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча стратегиясынын аткарылышы, экономика, соода, энергетика багында кызматташуу жана үчүнү маселе региондогу коопсуздук, чек ара, баңги заттарын мыйзамсыз ташууга каршы күрөш. Жыйында ошондой эле региондогу адам укуктарына байланыштуу маселе да көтөрүлүшү белгиленүүдө. 9-апрелде Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен Борбор Азия мамлекеттеринин министрлери эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ал эми көп тараптуу жолугушуу 10-апрелде болот. Европа тараптан жыйынга катышуу үчүн Биримдиктин азыркы төрагасы Словениянын тышкы иштер министри жана төрагалыкка июнь айында кирише турган Франциянын тышкы иштер министри Ашхабадка келген. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Бөрүбек Ашыров "Азаттыкка" билдирди. Кыргызстан Ашхабад жыйынында суу маселеси боюнча жогорку деңгээлде жолугушууларды өткөрүү жана Бишкекте Суу академиясын ачуу боюнча долбоорду сунуштайт. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG