Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

13:02 ОшМУнун студенттери окутуу сапатына нааразы


Ош мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнүн 300 чакты студенти атайын талкууларды уюштуруп, ректоратан окутуу сапатын жакшыртууну, материалдык-техникалык базаны чыңдоону талап кылышууда. «Прогресс» жаштар уюмунун лидери Жанарбек Акаевдин айтымында, алар үчүн окуу программасы башаламан түзүлгөн. Журналистикага тиешелүү кыргыз тилиндеги китептер дээрлик жокко эсе. Керексиз предметтер көп. Дагы кейиштүүсү: университетти бүткөндө студенттерге же «журналист», же «филолог» деген адистик ыйгарылаары алигүнчө чечиле элек. Муну айрым окутуучулар дагы колдоп жатышат. Журналистика бөлүмүнүн студенттери ОшМУнун ректору Мухтар Орозбековго кайрылуу жолдоп, 3-майга дейре мөөнөт коюшкандыгын, ошол аралыкта талаптары аткарылбаса, массалык акцияларды уюштурушаарын кабарлашты. (ATo)

XS
SM
MD
LG