Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Бүгүн Жогорку Кеңеште --> http://azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/04/C68C574E-95EF-45E7-9A43-AFEFFF51F32A.asp саясий партиялар жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтөт. Бирок бир катар саясий партиялар депутаттык топ иштеп чыккан бул долбоор демократияга, саясий партиялардын өнүгүшүнө каршы келеерин билдиришүүдө. Ушул долбоордун тегерегинде “Азаттык” үналгысынын суроолоруна “Таза коом” саясий партиясынын теңтөргасы Табылды Акеров жооп берди.

-Табылды мырза, бул долбоорго каршы чыгуулардын негизги себеби эмнеде?

-Эң эле негизги себеби, биз бул долбоорду карап чыкканда биринчи маселе бул долбоорго өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүгө кандай шарттар бар, ошондой шарттар келип чыктыбы деп ошону карадык. Анан мына өткөндө Жогорку Кеңешке шайлоолор жүрдү, бирок ошол процесстен кийин ушул долбоорго өзгөртүү, толуктоолор киргенге канчалык мүмкүнчүлүк болду деп карап көрдүк. Бирок эч кандай андай негиз жоктугун билгенден кийин биз каршы чыгалы деп чечтик.

Анан өзүбүздүн турумубузду саясий партиялар парламентинде айттык. Анан алар дагы карап чыгып, көпчүлүк добуш менен биздикин туура деп табышты. Эмне себептен биздин сунуш туура деп табылды? Анткени Жогорку Кеңеш киргизип жаткан долбоордо 5, 6, 21-беренелер бар экен. Өтө кооптуу экен. Мындайча айтканда демократияга карама-каршы келет экен.

Долбоордун 5-беренесинде “Шайлоодон утуп чыккан партия бийлик жүргүзүүчү, башкача айтканда башкаруучу партия деп аталат” деп жазылган. Эми Кыргызстанда азыркы Конституция боюнча супер президенттик өлкө болуп таанылып жатпайбызбы. Анан эгерде ал президент башкарган партия дагы башкаруучу партия деп аталса, анда биз азыркы Кытай Эл Республикасындагы Коммунисттик партиянын эле түспөлүн бул “Ак Жол” партиясы ээлегендигин көрсөтүп калат экен.

-Табылды мырза, саясий партиялар парламентине кирген бир топ партиялар дагы бул боюнча өз долбоорун даярдап жаткандай болду эле. Ал аягына чыктыбы?

-Ооба, аягына чыкты. Негизи биз экиге бөлүндүк. Мисалы үчүн, биз бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизгенге каршы деп чыктык. Экинчи тарап болсо, эмне болсо дагы “Ак Жол” партиясы көпчүлүк кылып жаңы мыйзамды кабыл алышы мүмкүн, ошондуктан баралы дагы, биз ал жерден дагы өз оюбузду айталы жана кайсы-кайсы пункттарга токтолуп, ушулардын кереги жок деп каршы чыгабыз деп ушул позицияларды тактадык да. Бул 5, 6, 21-беренелер.

6-беренеде “ар бир адам партия түзүш үчүн 50 киши негиздөөчү болуш керек, ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан болушу керек” деп жазылып жатат. Анан партиянын мүчөсү беш миңге жетиши керек деп турат. “Ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 200дөн мүчөсү болушу керек, ошондо гана партия болуп эсептеле алат” деген жобо киргизилген. Мындайча айтканда, “Ак Жол” партиясынан кийин эми партия түзүлгөнгө болбойт жана бул долбоор өтүп кетсе, албетте “Ак Жол” өткөрөт муну, ар бир партияны Адилет министрлигинен кайрадан каттоодон өткөртүп, көптөгөн партиялар ушул жобонун негизинде каттоодон өтө албай, өзүнөн өзү жок болот. Мындайча айтканда, демократиялуу эмес.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG