Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

САДДАМ КУЛАГАНДЫН БЕШ ЖЫЛДЫГЫНДА АКШ ПЛАНДАРЫН ТАКТАП ЖАТАТ


Жаңыл Жусубжан , Прага Бүгүн оккупациялык америкалык аскерлер Багдадга жетип, президент Саддам Хусейндин бийлиги кулаганына беш жыл толууда. Коменданттык сааттын тартиби менен эртеден кечке машина менен жүрүүгө тыюу салынган Багдадда бүгүн кырдаал тынч. Бирок Кошмо Штаттарында Ирактагы абал тууралуу АКШнын аскерий жана атуулдук башкаруучуларынын отчетун Сенат угуп жаткан Вашингтондо кайым-айтыш уланууда.

Өлкө диктатордон арылган күн Ирактын баш калаасында оюн-зоок менен белгиленген жок, тескерисинче, катаң коменданттык саат эрежесинен улам, машиналар бүт токтотулган шаарда мемиреген тынчтык өкүм сүрүүдө. Коменданттык саат - Хусейндин режими кулагандын беш жылдыгында козголоңчулардын капилет чабуулдарына жол бербөөнүн амалы. Радикал шийи динаятчысы Моктада ас-Садр бул күнү америкалык аскерлердин Иракта турушуна каршы массалык демонстрация өткөргөнү жаткан, бирок коопсуздук зарылчылыктан улам, бул иш-чара өткөрүлбөй калды.

Чындыгында, бул күндөрү көпчүлүктүн көңүлү Багдадда эмес, Вашингтондо болуп жатат. Себеби мында АКШнын Ирактагы башкы кол башчысы генерал Дейвид Петреус жана АКШнын атуулдук баш өкүл Риян Крокер Сенаттын комитетинде отчет берип жатышат.

Угууга АКШнын келерки президенттиги үчүн ат салышып жаткан үч талапкер да катышып жатканы талкууларга айрыкча курчтук берүүдө. Республикачы Жон МакКейн жана демократтар Хиллари Клинтон менен Барак Обама ар бири Петреус менен Крокерге курч суроолорду беришти. Алар Ирак согушу боюнча өз позицияларын бекемдеп алууга далалаттанышууда. Бирок айрыкча Петреус саясий кырчылдашууга аралашпай жаткандыгы көңүл бурдурууда.

Ал Иракта коопсуздукту бекемдөө аракеттеринде "олуттуу" жылыштар болгону менен, азырынча жетишкендиктердин пайдубалы али чабал болуп, оңой эле тескерисинен кетиши мүмкүн экендигин эскертти.

Ал Буштун администрациясына июлга белгиленген америкалык аскерлерди чыгарууга байланыштуу, ал операция аяктагандан кийин 45 күн танапис кылып, жалпы абалга баа берүүгө кеңеш берди.

Шейшембидеги сөзүндө генерал учурдагы абалга мындайча баа берди:

- АКШнын Ирактагы элчиси Риан Крокер менен алдыңарга мындан жети ай мурда келген элем. Андан бери Иракта бир топ жылыш болду. Ал жылыштар текши болбогону менен, сентябрдан бери куралдуу кагылышуулар жана карапайым элдин арасындагы өлүм кыйла азайды. Ирактагы ал-Каидага жана башка бир катар экстремисстик элементтерге оор сокку урулду. Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн даремети бир топ бекемделди. Ошондой эле жергиликтүү калк менен жергиликтүү коопсуздук күчтөрү улам көбүрөөк тартылууда. Бирок да, айрым аймактарда кырдаал канааттандыраарлык эмес, бир катар кыйынчылыктар да сакталып кала берүүдө.

Сенаттагы угуулардан жарым ай мурда Иракта кан төгүү күч ала баштаган. Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики өлкөнүн түштүгүндөгү Басра шаарында Моктада ас-Садрдын Махди армиясына каршы күтүүсүз чабуул баштады.

Өкмөттүн бул чабуулунун канчалык ийгиликтүү болгондугун азырынча айтуу кыйын, бирок анын артынан Багдадда кагылыштар чыгып, аларга америкалык аскерлер да тартылууда. Акыркы 48 саатта эле Ирактын ар кай жагында америкалык 11 аскер окко учту.

XS
SM
MD
LG