Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

Шаршембиден тартып Түркмөнстандын баш калаасында Европа биримдигинин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/FFEF6CBE-E5D5-4D8D-898D-05E950F1FF35.asp делегациясы Борбор Азия жумурияттарынын тышкы иштер министрлери менен жолугушууда. Эки күндүк отурумда Евробиримдиктин Боброр Азия боюнча мындан бир жылча мурда кабыл алган стратегиясы кандай ишка ашып жаткандыгы сөзгө алынaт. Бул стратегия эки ортодогу кызматташтыктын багыттоочу планы болуп саналат.

Европа биримдигинин делегациясы Ашхабатка "сүйлөшүүлөр аркылуу орток алакалар бекемделет" деген үмүт менен келишти. Бул тууралуу биримдиктин тышкы байланыштар комиссары Бенита Ферреро-Валднер мындай деди:

- Кызматташттыкка зор мүмкүнчүлүктөр бар, азыр орток алакалар ыкчам өнүгүп жатат. Биз билим берүү жана ошондой эле мыйзамдын үстөмдүгү жаатындагы долбоорлор боюнча конкреттүү иш-аракеттерди көрөбүз.

9-апрелде Ашхабаддан телефондон сүйлөгөн сөзүндө Ферреро-Валднер Борбор Азия энергетика жаатында Евробримдиктин маанилүү шеригине айланып жаткандыгын да ырастады.

Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстанда дүйнөдөгү эң ири мунай жана газ запастары бар экендиги маалым. Ошондуктан энергия импортунда саналуу булактарга көз каранды болуп калгысы келбеген Евробиримдик бул мамлекеттерге чоң ишеним артууда.

Бирок укук коргоочу уюмдар Евросоюзду мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалын жакшыртууга кысым көрсөтүүнү талап кылышууда. Анна Матвеева Лондондогу Экономика институтунда Кризистик мамалекеттерди изилдөө борборунда эмгектенет. Ал биздин үналгыга бул сүйлөшүүлөр эмне үчүн маанилүү экендигин мындайча билдирди:

- Биринчиден, бул маркум президент Сапармурад Ниязовдун тушунда обочодо калган Түркмөнстандагы алгачкы жыйын. Демек бул өлкө эл аралык коомчулукка, анын ичинде Европа Биримдигине эшигин ачып жатат. Экинчиден, бул өңдөнгөн жыйындарда борбор азиялык өкмөттөрдүн өкүлчүлүгү улам көбөйүүдө. Мындан "аймакта Евробиримдиктин таасири өсүп жатат" деген жыйынтык чыгара алабыз.

Ашхабадка Европа биримдигинин тышкы иштер министрлеринин "үчилтиги" келди. Анда Ферреро-Валднерден тышкары Словениянын тышкы иштер министри Дмитрий Рупел жана келерки жарым жылдыкта биримдикти жетектей турган Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер кирет. Ашхабадда Биримдиктин Борбор Азия боюнча Алматыдагы атайын өкүлү Пиер Морел да жүрөт.

Сүйлөшүүнүн күн тартибиндеги башкы маселе Евробиримдик 2007-жылы кабыл алган Борбор Азияга жардам берүү стратегиясы болуп саналат. Анда биримдиктин аймакта экономика, соода, энергетика, билим берүү, жаратылышты коргоо, коопсуздук, ошондой эле адам укуктары жана мыйзамдуулукту бекемдөө сыяктуу көп кырдуу тармактардагы башкы максаттары каралган.

Ашхабадга жол тартаардын алдында Ферреро-Валднер Дүйшөмбү калаасында болуп Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана башка жетекчилер менен жолуккан эле. 7-апрелдеги пресс-конференцияда европалык комиссар Тажикстанды Европа биримдиги менен кызматташттыктан майнап чыга тургандай реформаларды жүргүзүүгө чакырып, бул кеп-кеңештер коңшу өлкөлөргө да тиешелүү экендигин белгиледи:

- Экономикалык өнүгүүгө жана жакырчылыкты жоюга огожо боло турган зарыл саясий-экономикалык реформаларды тереңдетүү чечүүчү мааниге ээ болмокчу.

Европа Комиссиясы билдиргендей, анын Борбор Азияга жардамы 2007-2013-жылдар аралыгында 750 миллион евро болмокчу. Бул ага чейинки жети жылдагыдан 90 пайызга көп.

Учурдан пайдаланып, укук коргоочулар Евросоюзду Борбор Азиядагы адам укуктарынын оор абалына көңүл бурууга үндөшүүдө. Шаршемби күнү Эл аралык Мунапыс уюму Лондон кеңсесинен эки тарапты тең стратегиянын адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерин сыйлай баштоого чакырды. Мунун алдыңкы күнү АКШда жайгашкан Хьюман Райтс Уотч Европа биримдигин борбор азиялык жумурияттар үчүн укуктук жаатта конкреттүү милдеттерди коюп, келечектеги пайдалуу кызматташттыкты ал милдеттердин аткарылышына жараша жүргүзүүгө чакырган.

Сүрөттө түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов жана Евробиримдиктин тышкы байланыштар комиссары Бенита Ферреро-Валднер.
XS
SM
MD
LG