Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

БЕЛДИ БЕКЕМ БУУШ КЕРЕК, ДЕЙБИ?


Суу тартыш азарын Кыргызстан эмитен эле тартууда, электр энергиясын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/0F1CAB5E-F4D5-41FD-B8D6-4FD98441CBB4.asp кыйгас өчүрүү башталды. Өкмөт электр энергиясына ылайыкталган жылыткычтарды көмүргө өткөрүү аракетине киришүүдө. Жаз-жай айларында республика 1,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөшү керектигин ырастаган токтом кабыл алынды.

Өкмөттүн жылыткычтарды көмүргө өткөрүү жөнүндөгү токтому ишке аша турган болсо жылгыз эле Көл кылаасында бери дегенде 19 ири жылыткычтарды көмүр менен иштетүүгө кайрадан ылайыктап чыгуу керек. Жалпы республика боюнча андай жылыткычтардын саны кыйлага жетет. Кыш быйылкыдай суук болуп, суу жылдан-жылга тартыла берсе ахывал дагы оорлошо бермекчи.

- Эч ким эртең эле электр менен жылыткычтарды көмүргө өткөргүлө деп чыкпайт. Бирок да ишти баштоо керек. Муну токтомдо да көрсөттүк,- дейт Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов.

Өкмөт электр энергиясын үнөмдөөнү 1,5 миллиард киловатт-саатка жеткирүү аракетине киришти. Жер-жерлерде электр энергиясын 5-6 саатка өчүрүү башталды. Анын чоо-жайын Кыргызстандын өнөр жай, энергетика, отун суу ресурстар министри Сапарбек Балкыбеков мындайча чечмелейт:

- Үнөмдүү колдонуунун эки жолу бар. Биринчиси, электрэнергияга карызы барлардын баарын үзүшүбүз керек. Экинчиси, сауна, көңүл ачуу жайларындагы электр жылыткычтардын баарын токтотушубуз керек. Тилекке каршы, мына ушул эки жол менен электр энергиясын үнөмдөөнү 100% аткара албайбыз. Үчүнчү жолу - электр энергиясын пландуу түрдө өчүрүп туруу. Аны кайсы убакта өчүрө турганыбызды эл билиши зарыл. Бир жума мурун элге кабарлап турабыз. Ашып барса 6 саат, андан ашык болбойт. Эртең мененки он бирден кечки саат бешке чейин электр жок болот.

Өкмөттүн кризиске каршы программасында быйылкы кышка карата Бишкек жылуулук борборунан иштелип чыкчу электр энергиясынын өлчөмүн 1 миллиард 906 миллион киловатт-саатка жеткирүү милдети коюлууда. Буга кошумча Кыргызстан кийинки жылдары кайтарып берүү убадасы менен жарым миллиард киловатт-саат электр энергиясын коңшулардан карызга сурап алганы туру.

Парламенттин мурдагы депутаты Райымбек Мамыров жалаң жарым миллиард киловатт-саат электр энергиясын сатып алуу менен эле Кыргызстандын кышкы муктаждыгы камсыз болбойт, деген пикирде:

- Ал жарым миллиард менен бүтпөйт го. Менин оюмча, 1 миллиард сатып алышыбыз керек.

Р. Мамыровдун ырасташынча, ушу тапта Кыргызстан кабылган кысталыш кырдаал “Камбарата – 1” ГЭСи курулуп ишке киргенче уланышы ыктымал. Кыргызстан электр энергиясынын 40% өндүрчү Токтогул ГЭСи суунун аздыгынан жарым-жартылай иштөөдө.

Энергетика тармагындагы жоготуyлардын көлөмү 4 миллиард киловатт-саатты түзөт. Ушу тапта өкмөт анын ордун жарым миллиард киловатт-саат электр энергиясын кошуналардан сатып алуу, калганынын ордун өчүрүү аркылуу толтурyу аракетине киришүүдө.

Өткөн жылкы тармактагы 36,2% жоготууларды быйыл 30% түшүрүү милдети коюлууда. Бирок көпчүлүк адистер жоготуунун көлөмү 50% жетерин айтып келатышат.

Энергетика боюнча адис Эргеш Төрөбаев азыркы абалдын чыгышына өкмөттүн өзү күнөөлүү деген пикирде. Бул иш 2006-жылдан тарта эле жүргүзүлүшү керек эле.

- Биздин жетекчилер ошол маселеге көңүл бурбастан, суунун бардыгын агызып жиберип, мына эми оор кризистик абалга келгени турабыз. Өкмөт менен министрлердин камтама болуп жатышканы туура, бирок ушуга жеткирбей койсо болмок.

Ушу тапта Токтогул суу сактагычында 6 миллиард кубометр чамалуу суу турат. Адистердин айтымында, аны өкмөт болжогондой азыркысынан эки эседен көбүрөөк толтуруу кыйын жумуш.

- Өзбекстанга бере турган суунун көлөмүн биз сүйлөшүүлөрдүн учурунда канча көлөмдө болорун аныктап, Өзбекстан канча суу сурап жатат, биз канчасын бере алабыз, ошону тактайбыз,- дейт Кыргызстандын өнөр жай, энергетика, отун-суу ресурстар министри С.Балкыбеков.

Суу азайганы Кыргызстанда энергетика проблемасы көбөйгөнү турат.

XS
SM
MD
LG