Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

Апта башында Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн атайын топ Каркыра --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/576D8AB7-0229-407F-8E72-5F44BAFFD6D2.asp жайлоосуна барып, талашка түшүп жаткан аймактар менен таанышып келген. Кечээ ЖК эл аралык мамилелер комитети буга байланыштуу жыйын өткөрүп, кыргыз-казак чек арасы тууралуу 2001-жылы 15-декабрда түзүлгөн келишимди ратификациялоо зарыл деген бүтүмгө келишти. Бул келишим буга чейинки экинчи жана үчүнчү чакырылыштагы парламенттер тарабынан Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирет деген жүйөө менен жактырылбай келген. Айрым пикирлер боюнча кыргыз-казак чегарасы тууралуу келишимди ратификациялоо маселеси президент Курманбек Бакиевдин Казакстанга күтүлүп жаткан иш сапарынын алдында атайын козголуп, парламентке коюлуп жатат.

Кыргыз-казак чегарасы боюнча 2001-жылдын 15-декабрында түзүлгөн келишим боюнча Санташ айлынын жанынан суулуу 1200 гектар жер Кыргызстандын карамагына, ал эми Каркыра жайлоосунун 620 гектар аймагы Казакстанга өтөт. Бул келишим ошол туштагы Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзамсыз деген себеп менен жактырылган эмес. Ал эми Казакстандын парламенти тарабынан 2003-жылы ратификацияга ээ болгон. Ал эми кийинки шайланган Жогорку Кеңеш да мыйзамсыз түзүлгөн деген жүйөө менен ратификациялоодон баш тарткан.

Каркыра жайлоосу орун алган Түп районунун тургуну, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров казак тарапка бериле турган жер түптүк малчылар менен дыйкандар үчүн өтө кирешелүү жана зарыл аймак болуп саналарын, Каркыра жайлоосундагы 620 гектар жердин Казакстанга өткөрүлүп берилишине жергиликтүү тургундар да каршы экендиктерин билдирген.

Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы чек араны тактап, келишим түзүү 2001-жылы бүткөн. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы регионалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламановдун айтымында, Каркыра жайлоосу союз мезгилинде эки тараптын тең пайдалануусунда болуп келген:

-Бул элдин пайдалануусу менен административдик чек аранын ортосунда ажырым болуп келген экен. 1930-жылкы документте сызылган чегара боюнча Казакстан тарапка өтүп кеткен жерде биздин малчылар малын жайып жүргөн. Мына ошол жерлерди өзүбүзгө өткөрүү үчүн чек араны жылдырып, биз тарапка өткөргөнбүз.

Саламат Аламановдун “Азаттыкка” айтканы боюнча бул келишимди ратификациядан өткөрбөөнү мурдагы парламенттин айрым депутаттары саясий кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга аракет кылып, бул маселенин айланасында ызы-чуу чыгаргылары келген.

Кыргыз-казак чек арасын ратификациядан өткөрүү маселеси азыркы парламенттин да элегине коюлган эле. Жакында бир нече депутаттан түзүлгөн атайын топ Каркырага барып, казак тарапка берилүүчү жер менен таанышып келишти. Кечээ буга байланыштуу ЖК эл аралык мамилелер комитети жыйын өткөрүп, комитет мүчөлөрү 2001-жылы 15-декабрда түзүлгөн келишимди ратификациядан өткөрүү зарыл, деп табышты. Депутат Кабай Карабеков убакытты созуп жүрө бербей, чек араны делимитациялоону тездетүү зарыл деп эсептейт:

-Өзүңөр көрүп атпайсыңарбы, азыр биздин Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да чек арабыз тактала элек. Эми Казакстан менен да тартыша бербей, чек араны делимитациялоону эртелетпесек, согушка чейин өтүп кетишибиз мүмкүн.

Кыргыз-казак чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо маселеси жакынкы күндөрү парламенттин кароосуна коюлат. Бул маселеге акыркы чекитти ЖК коеру белгилүү. Бирок айрым пикирлер боюнча курамынын көпчүлүгүн бийликке көз каранды депутаттар түзгөн парламент бул жолу Каркыраны казактара берип жиберери толук ыктымал.

Мындай пикир ээлери кыргыз-казак чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо президент Курманбек Бакиевдин Казакстанга күтүлүп жаткан иш сапарынын алдында атайын козголуп, парламентке коюлуп жатат, деп эсептешет. Алардын бири, Улуттук биримдик партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаевдин айтуусунда Кыргызстан четинен кертилип сатылууда:

-Алып жатабыз деп атышкан жер да, берип жатабыз деген жер да кыргыздын илгертен пайдаланып келаткан жери. Азыркы бир мүнөттүк, бир күндүк саясий кызыкчылыктар менен, “эртең президент Казакстанга барат, кур кол барбай, мына ушуну белек кылып ала барсын” деген саясат менен кыргыз элинин, улуттун кызыкчылыгына түздөн-түз кыянаттык болуп жатат. Азыркыдай чөнтөк парламент, азыркы бийлик турганда Кыргызстандын байлыктары толук сатылып, келечек муундардын алдында биздин бетибизге көө жабылуусу мүмкүн.

Сүрөт karkyra.narod.ru интернет баракчасынан алынды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG