Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

Бүгүн Бишкек гуманитардык университетинде белгилүү адабиятчы, акын Абдылдажан Акматалиевдин “Жан дүйнөм” аттуу поэзия кечеси өтөт.

Белгилүү адабиятчы, акын, “Манас таануу жана маданиятты жайылтуу” Улуттук борборунун директору Абдылдажан Акматалиевдин Бишкек гуманитардык университетинде бүгүн кечки саат 4тө окуу жайдын жамаатынын жана чыгармачыл интеллигенциянын катышуусунда өтө турган “Жан дүйнөм” аттуу поэзия кечеси Абдылдажан Акматалиев жөнүндө тартылган тасмалар менен ачылат. Кечени уюштуруп жаткан аталган окуу жайдын кыргыз филологиясы факультетинин деканы Каныбек Кенжешов мындай жолугушуулар айрыкча студенттерге зарылдыгын жана пайдалуулугун белгиледи:

-Биздин окуу жай чыгармачыл инсандар менен мындай жолугушууларды буга чейин да уюштуруп келген, мындан кийин да уюштура бермекчи. Айрыкча студенттердин акын-жазуучулар менен, чыгармачыл адамдар менен көзмө-көз жолугушуп туруусу – алардын да чыгармачылыгына, билим деңгээлинин өсүшүнө пайдалуу.

Абдылдажан Акматалиевдин “Жан дүйнөм” кечесинде акындын ырлары кыргыз Улуттук драма театрынын артисттери Дүйшөн Байтөбөтовдун, Шайыр Касымалиеванын жана Бусурман Одуракаевдердин көркөм окуусунда окулуп, белгилүү ырчылар Анапия Раимбекова, Гүлзат Байзаковалар обондуу ырларынан аткарышат.

Абдылдажан Акматалиевдин буга чейин “Лира”, “Жан дүйнө”, “Кызыл көйнөк жан дүйнө” ыр китептери басылып чыккан болсо, кечээ жакында “Көңүл” аттуу ыр жыйнагы жарыкка чыкты. Акын жаңы китеби тууралу ой бөлүшүп, “Алматыдан келаткандагы ойлор” түрмөгүнөн үзүндү окуду:

-Менин ыр китептерим – жан дүйнөнү ырдаган китептер го деп ойлойм. Андыктан бардык ыр китептеримди бириктирип, өзүмдүн жан дүйнөмдүн бетачарын өткөрүп жатам. “Көңүл” деп аталган жаңы ыр жыйнагымдагы эпикалык жанрга жакын “Алматыдан келе жаткандагы ой” аттуу түрмөктөн үзүндү окуй кетейин:

Кыйын күндөр быйыл өттү башымдан,
Мүдүрүлөм, чаап бараткан атымдан.
Чыга калып капысынан үркүтөт,
Душмандар көп. буктурмада жашынган.

Чыккынчылар – кечээ менин досторум,
Маңдайыма мээлеп турат окторун.
Жүрдүңөр го теңтуш өңдүү жанымда –
Билбептирмин котур ташын топтоорун.


Абдылдажан Акматалиевдин “Көңүл” деп аталган соңку ыр китебин окуп чыккан белгилүү акын Бактыгүл Чотурова бул жаңы жыйнак тууралуу төмөнкүдөй пикирин билдирди:

-Акын бул жыйнагында адам турмушунда боло келген ар кандай мамилелерден келип чыккан жагдайларды жүрөгүнөн өткөрүп, поэзияга айланткан.
XS
SM
MD
LG