Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:51

Муса Мураталиев, Москва Москвада шаршемби күнү БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун алгач ирээт орусиялык жетекчилик менен жолукту. Март айында шайланган президент Дмитрий Медведев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/3A130B05-6363-49CB-ABA5-6B6ACC33E178.asp ал жолугушуу үстүндө эл аралык кагылыштарды БУУнун чечимдерин бузуу жолу менен басуу болбоого тийиш деп эскертти. Андан соң Пан Ги Мунду орус президенти Владимир Путин кабылдап, Бириккен Улуттар Уюмун анын өлкөсү коопсуздук системасынын эл аралык элементи деп эсептей тургандыгын билдирди. Орусиялык эки жетекчи тең эл аралык ал уюмга Орусия колдон келген жардамын аябайт деп билдиришти. Пан Ги Мун азыркы даражасында алгач ирээт Москвага ырасмий иш сапары менен биринчи жолу келиши.

Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчиси Пан Ги Мун Москвада үч күн болмокчу. 9-апрелде ал шайланган президент Дмитрий Медведев менен жолугушуп, ал жерде, Косоводон тартып БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалого чейинки маселелерди кеп кылышканын «Эркин Европа жана Азаттык» үналгысынын кабарчысы Хлоя Арнолд жазат. Ошондой эле Ооганстан, Ирак жана Африкада тынчтык орнотчу күчтөр тегерегинде маселелерге да токтолушкан.

Жолго чыгар алдында Пан Ги Мун ИТАР-ТАСС кабарчысына буларды айткан:

-Мен Орусия Федерациясынын жер жүзүндө аба ырайынын өзгөрүп баратышынан тартып террорчулукка каршы күрөшкө чейинки маселелерде сөзсүз колдошу үчүн аракет кыламын.

Медведев болсо БУУнун ишкердигин кайра бычуу деген кеп негизсиз деп тапты. Анын каршысында бул эл аралык уюмга колдон келишинче жардам көргөзүү парз деди, ошол эле учурда:

-Ар кыл эл аралык, Косово окуясы сыяктуу жана башка маселелерди БУУнун чечимине карама каршы келген жол менен чечүү бейнатыйжалуу жана бейкутчулук менен стабилдүүлүктөн четтетет.

Байкоочулардын баамында, кийинки жылдары АКШ, Британия баш болгон батыш өлкөлөрү Орусиянын түшкөн жолун эске алып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин механизмин кантип айланып өтүштүн жолун таап, же НАТОнун алкагында, же Евробиримдиги алкагында көп олуттуу маселелерде расмий Москванын кебин капарларына албай келет.

“Мурас” корунун Москвадагы бөлүмүнүн жетекчиси Евгений Волк айтканга караганда ошол себептүү ал эл аралык уюмда Орусиянын кызыкчылыгы өтө зор:

-Орусия, албетте, Коопсуздук Кеңешинин кадыр баркын арттырууга абдан кызыкдар. Ал өзүнө керек маселелерде вето укугунан пайдалануу же вето саламын деп коркутуп-үркүтүүсүнөн пайдаланууга абдан кызыкдар.

«Коммерсант» басылмасы жазганга караганда БУУнун казынасына Орусия төгүүчү үлүш жарды мамлекеттердикиндей. Ал эл аралык уюмду каржылап турган негизги 15 мамлекетке кошулбайт. Негизги мамлекеттерге өнөр жайы өнүккөн 7 өлкөдөн тышкары Испания, Кытай, Мексика, Корея, Нидерланды, Австрия, Швейцария жана Бразилия кирет. Америка Кошмо Штаттары ар жылы 500 миллион доллар бөлөт. “Мындай каражат БУУнун жылдык бюджетинин 22 пайызына барабар” деп жазат аталган гезит.
XS
SM
MD
LG