Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

7:52 Нур Омаров парламенттик кезексиз шайлоо өткөрүү ыктымалдыгын жокко чыгарбайт


Мындай пикирин талдоочу "Саясий партиялар жөнүндөгү" мыйзам долбоорун талкуулаган кечээки парламенттик угуудан кийин "Азаттыкка" билдирди. Келерки парламенттик шайлоого багытталган мыйзамдын азыр даярдалып жатышы ушундай пикирди жаратат, дейт Нур Омаров. Ал эми саясат таануучу Тамерлан Ибраимов "Саясий партияларды алмаштыруунун кажети жок, анткени ал Конституцияга каршы келбейт" деп билдирди. "Ак жол" жана "Комунисттер" партиясынан шайланган төрт депутат иштеп чыккан жаңы долбоордо парламенттик шайлоодо жеңген партияны жетектөөчү партия катары таануу жана аны мамлекеттен каржылоо жөнүндө жоболор каралууда. Оппозициялык партиялар муну "Ак жол" партиясына артыкчылык берүү максаты менен байланыштырышууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG