Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:01

Элеонора Бейшенбек кызы, Прага ш. Казак өкмөтү ушул жумада буудайды сыртка сатыкка чыгарууну чектөө боюнча чечим кабыл алса Казакстандын жакын коңшуларында олуттуу маселелер жаралчудай. Борбор Азия чөлкөмүндө буудай экспорттогон жападан жалгыз мамлекет – Казакстан келерки жылы буудайды чет мамлекетке сатууга кошумча бажы салыгын киргизиши мүмкүн же таптакыр же дээрлик тыюу салышы ыктымал.

Борбор Азия чөлкөмүнүн жашоочулары быйыл катаал кышты баштан кечирип, эми минтип күн жаңыдан жылый баштаганда аймак ачарчылыкка кабылчудай.

Казак өкмөт башчысы Карим Масимовдун буудайды экспорттого кошумча нарк киргизилери же таптакыр тыюу салынары тууралуу ушул жуманын башындагы билдирүүсү Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды бушайманга сала баштады.

Расмий Астана мындай чаралар өлкөдө нанга баанын андан аркы жогорулашынын алдын алуу үчүн жасалып жатканын билдирген.

Казакстан Борбор Азия жумурияттарын нан менен дээрлик жабдып келет. Бул мамлекет өстүргөн буудайдын элүү пайызы сыртка сатылат. Стратфорд иликтөө институтунун маалыматына ылайык Кыргызстан Казакстандан 214 миң тонна буудай сатып алат. Тажикстан 216, Өзбекстан 117 ал эми Түркмөнстан 2,5 миңдей тонна эгин сатып алат.

Эгерде Казакстан экспортко чектөө киргизсе анда Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин буудай ала турган бөлөк өлкөлөрдү табышы кыйынга турчудай. Адистер Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан башка жактан деле буудай ташып келе алаарын, бирок анда ашыкча чыгымга учураарын айтышат.

Борбордук Азияда Казакстанга коңшулаш жайгашкан бул төрт мамлекетте баш-аягы кырк беш миллиондой адам жашайт. Серепчилер бул аймакта нанга байланыштуу кырдаалды эгин аянттарын көбөйтүү менен чечүү мүмкүн эместиги белгилешет. Негизинен айдоо аянттары пахта жана башка өсүмдүктөр үчүн пайдаланылгандыктан элди толук нан менен камсыз кылуу дээрлик мүмкүн эмес.

Дан эгиндеринин баасынын өсүшү Борбор Азия чөлкөмүнө эле эмес, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттерге да мүнөздүү экени анык. Казакстандын өзүндө эле нан баштаган маанилүү азык-түлүктөр март айында тогуз пайызга кымбаттаган

Расмий маалыматтар боюнча Казакстан былтыр жыйырма бир миллион тонна буудай жыйнаган, тогуз миллион тоннасын чет өлкөлөргө саткан. Өкмөттүк Азык-түлүк корпорациясынын төрагасы Руслан Азимов азыркы ыктымал деп тынчсызданат.

- Дүйнөлүк базарда баага байланыштуу кырдаал ушунчалык тез өзгөрүп кетти. Ушундан үрөндүк буудай да сыртка ташылып кетиши толук ыктымал.

Руслан Азимов буудайды сыртка чыгарууга убактылуу чектөө киргизүү көп эле мамлекеттерге мүнөздүү демейдегидей эле чара экенин баса белгилейт

Казак өкмөтү быйыл эген-тегиндин айдалышын катуу көзөмөлгө алчудай. Айыл чарба министринин орун басары Дулат Айтжановдун айтуусунда, эгин баасынын өсүшүнөн улам арпа, буудай эгилчү талаалар кескин өсүп, башка өсүмдүктөрдү айдоо азайышы ажеп эмес. Ошондуктан министрлик алтүгүл космостогу жасалма жандоочулардын жардамы аркылуу талаада эгилген өсүмдүктөр тууралуу кошумча маалымат алып, кырдаалга көзөмөл кылуусу абзел деп санайт Айтжанов.

Казакстандагы азык-түлүк корпорациянын маалыматына ылайык учурда буудайдын бир тоннасынын-экспорттук наркы 370-380 АКШ долларын түзөт. Аталган корпорация быйыл да мамлекеттик резервди толуктоодон сырткары дан базарын туруктуу кармаш үчүн буудай сатып алаарын кабарлаган. Айрым дыйкан чарба ээлери болсо кайсы бир аткаминерлер өкмөттүк азык-түлүк корпорациясы аркылуу арзан баага буудай алып, сыртка кымбат сатып, орто жолдон акча тапканы жатат деп шектенүүдө.

Айтмакчы, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү нандын баасы жакынкы болочокто кымбаттабай тургандыгын ишендиришүүдө. Расмий Астананын дан эгининин экспортоону кыскартуусунун Кыргызстанга болгон таасири тууралуу Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри мындай дейт:

- Казакстан эгин сатаар-сатпасын биле албайт экем. Бирок биздин ар жылкы тажрыйбабыз ушундай – биз Кыргызстанга чет жактан дайыма 250-300 миң тонна (эгин) сатып алып турчубуз, - деди Ногойбаев “Азаттыкка”.
XS
SM
MD
LG