Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:56

12:25 “Кыргыз эл” уюму Каркыраны Казакстанга берүүгө каршы билдирүү менен парламентке кайрылды


Билдирүү ээлери депутаттарды бул маселеге байланыштуу келишимди ратификациялоо учурунда атуулдукту карманууга чакырган. “Каркыра жайлоосу кыргыздарга таандык экендиги тууралуу тарыхый документтерде гана эмес, “Манас” эпосунда да айтылган. Мындан тышкары Каркыра жайлоосунун Үркүн учурундагы трагедияда да кыргыздар үчүн чоң мааниге ээ болгон,” деп кайрылат билдирүү ээлери. Ал эми кыргыз өкмөтү Казакстан менен чектеш талаштуу аймактар жана пансионаттар боюнча казак өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү кайрадан жүргүзүүгө тийиш, деп айтылат билдирүүдө. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG