Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

АКЦИЯГА КАТЫШКАН ЖАШТАРДЫ МИЛИЦИЯ КАРМАП КЕТТИ (сүрөт баян)


Бүгүн эртең менен Жогорку Кеңештин алдында башталган акцияга “Атамекен”, “Арнамыс”, “Жашылдар” партияларынын жаш канаттарынын жана “Мен ишенбейм...” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/B5B29B71-D1A8-48FB-A733-06F9C17DE989.asp кыймылынын мүчөлөрү катышкан болчу.





Алар Каркыра жайлоосундагы, Таластагы, Чүй суусунун жанындагы чегара аймактары, Ысыккөлдөгү төрт пансионат Казакстандын карамагына берилбесин деген талаптарды Жогорку Кеңешке коюшту.



Акция башталгандан бир аз убакыттан кийин жаштарды Биринчи Май райондук ИИБнин кызматкерлери кармап кетти. Ушул тапта элүүдөй улан-кыз райондук милиция бөлүмүндө отурушат.







“Атамекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев “Милиция бизди кармабас үчүн жерди сатыш керек, деп чыгуу керек болуп калды окшойт,” деген нааразылыгын “Азаттыкка” билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG