Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:17

14:15 Президент салыктардын жакшы чогулуп жатканына канааттанганын билдирди


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Салык төлөмдөрү боюнча Мамлекеттик комитеттин төрагасы Темирбек Курманбековду кабыл алды, деп кабарлайт президенттин маалымат кызматы. Т.Курманбеков президентке үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында жасалган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бюджетке түшүп жаткан салык төлөмдөрүнүн көлөмү жыл санап өсүүдө. Мисалы, быйылкы жылдын биринчи кварталында бюджетке 3,9 млрд.сом салык түшкөн. Бул, былтыркы көрсөткүч менен салыштырганда, 1,3 млрд.сомго көп дегенди билдирет, дейт Т.Курманбеков. Ал быйыл жалпысынан топтолуучу салыктын көлөмү былтыркыдан 34%га көп болот деп терең ишене турганын айтты. Президент буга ичи жылып, мамкомитеттин ишине жакшы баа берди, деп айтылат кабарда. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG