Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

16:00 Жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө турак-жай куруу үчүн ипотекалык сертификаттар аркылуу акча каражаттары бериле баштады


1-апрелден тарта курулуш материалдарын сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлүндү. Курулуш материалдары Кант цемент-шыйпыр комбинатынан сатылып алынууда. Бул тууралуу ЖК комитетинин экология, жер жана агрардык маселелер комитетинин төрагасы Жусупжан Жээнбеков парламентте билдирди. Анын айтуусунда жер титирөөнүн кесепеттерин иликтөө комиссиясы тарабынан дагы бир нече үй кыйраган, жашоого жараксыз турак-жайлар жардамга муктаж катары кошумча киргизилген. Жыл жаңыраар алдында болгон жер титирөөдөн Ош облусунун Карасуу, Ноокат, Араван райондорунун жана Ош шаарынын бир нече айылдары жабыркаган. Жалпы облус боюнча жер титирөөдөн кыйраган 5809 үй кайра курууга жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG