Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

Бүгүн түшкө маал алтымышка чукул жаштар Жогорку Кеңештин алдына чогулушуп, Каркыра --> http://www.azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/04/576D8AB7-0229-407F-8E72-5F44BAFFD6D2.ASP жайлоосундагы, Чүй, Ысыккөл, Таластагы талаштуу жерлер Казакстанга берилбесин деген талап менен каршылык акциясын өткөрүштү. “Жер сатууга жол жок” деген ураан менен парламенттин алдына келишкен жаштарды милиция кызматкерлери дароо кармап кетишти. Бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер жана укук коргоочулар да талашка түшкөн жерлердин берилишине каршы болуп жатышат. Бийлик өкүлдөрү болсо чырлуу жерлердин маселесин чечүү абдан татаал экендигин, чегара чырын чечүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы биринчи орунда турганын айтып келишет.



“Ата мекен”, “Ар намыс”, “Жашылдар” партияларынын жаштар канатынын жана “Мен ишенбейм!” кыймылынын мүчөлөрү “Ата мекен” партиясынын кеңсеси тарапка чогулуп, “жер сатууга жол жок!” деген ураандын алдында Жогорку Кеңештин алдына чейин жүрүш жасашты. Колдоруна “Жердин кыркылганы, кыргыздын кысылганы”, “Жер үчүн, эл үчүн, Ата мекен үчүн” деген сыяктуу жазууларды көтөрүшкөн жаштар парламент алдына келери менен милиция кызматкерлери курчоого алышып, даяр турган эки автобуска салып кетишти.



Алтымышка чукул акциянын катышуучуларын милиция кармап кеткенден бир саат өтпөй, дагы он беш чакты кыз-жигит парламент алдында акция уюштурууга аракет кылышып, аларды да дароо кармап кетишти. Окуяга күбө болуп турган укук коргоочу, “Таза табигат” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева төмөнкүлөргө токтолду:

- Жаш балдар жерибизди бербейбиз, келечегибизди бербейбиз деп каршы чыгып, мобинтип чыгып атышат. Баягы “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү, студенттер. Чыныгы патриоттор булар, мен аябай сыймыктанам.



Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, азыркы тапта өлкөдө адам укуктары тебеленип, милициянын тынчтык акцияларына чыгышкан жарандарга карата жасаган иштери чектен чыгып баратат. “Диктатуранын элементтери ачык байкалып, бийликте отургандар эл менен эсептешпей калды”,- дейт укук коргоочу:

- Мен Каркыранын кетишине каршымын. Бүгүнкү күнү жаштардын кармалганын көрүп 2002-жылы 16-майдагы окуяны эстеп кеттим. Ошондо биз Үзөнгү кууштун кетишине каршы болуп, ушул жерде бир апта палаткаларды тигип жатканбыз. Анда каршы болгондордун ичинен токсон алтыбызды кармап кетишкен. Бүгүн ошол эле окуя кайталанып атат. Жаштар кайра эле ошондогудай жердин бүтүндүгү деп чыгып атышат, милиция болсо жердин бүтүндүгү деген жаштарды кармап атат.

Акциянын тутанышына Эл аралык мамилелер жана парламенттик кызматташуу комитетинин, Каркыра жайлоосуна байланыштуу 2001-жылдагы кыргыз-казак эки тараптуу келишиминин ратификацияланышын жактаганы себепчи болду дешет. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы регионалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламановдун айтымында, бул маселеде кыргыз тарап уттурган жок. “Каркыра жайлоосундагы 630 гектар жердин ордуна, биз Санташ айылынын жанынан 1150 гектар жерди алдык”, дейт ал:

- Көпчүлүк 630 гектар жер казактарга өтүп кетиптир деп атышат. Бирок ошол эле кезде анын ордуна 1150 гектар жерди алганыбызды эч ким айтпай атат. Мына, делегациянын мүчөсү катары биз аны айтып атабыз, а биздин оппоненттерибиз муну дайыма көз жаздымда калтырышат. Ошол 1150 гектар жер биздин Санташ айылына жакын жаткан жер. Жайлоо жер, чөп чабык жер. Илгертеден биздин малчылар ал жерди байырлап, пайдаланып келген экен. Ошол жерди мыйзамдаштырып, бизге өткөрүп алыш үчүш ошол жерди биз сурап, жанагы жерге алмашканбыз.

Ошентсе да бир катар саясатчылар “алып жатабыз деген жер дагы, берип жатабыз деген жер дагы илгертеден кыргыздын жери”,- дешип, муну президент Курманбек Бакиевдин Казакстанга боло турган иш сапарынын алдындагы сокур саясат дешет.
XS
SM
MD
LG