Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

АКШ президенти Ирактагы аскерлерди алып кетүүнү токтото туруу сунушун колдоору күтүлүүдө


АКШнын аскерий командачысы, генерал Дэвид Петрэус кечээ Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө Ирактагы аскерлер бөлүгүн жай ортосуна чейин чыгарып кетүүнү токтото туруу зарыл деген пикирин айткан. Ак үйдүн басма сөз өкүлү президент Жорж Буш бүгүн кечирээк Ирак боюнча билдирүү жасайт жана ал генералдардын кеңешин эске алган президент деп белгиледи. Ушу тапта Иракта 160 миңдей АКШ аскери бар, алардын 20 миңдейин июльга чейин алып кетүү каралган.

XS
SM
MD
LG