Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

11-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Бу күнү Маргалаң уездиндеги Ичкилик волостунун болушу өлтүрүлгөн. Алыскы 1893-жылдын 11-апрелинде Кыргызстандын түштүгүндө коогалаңдуу иш чыккан. Жазма булак маалыматтарына караганда, Караван кыштагында жашаган кыргыздар Маргалаң уездиндеги Ичкилик волостунун болушу жасаган аксымчылыкка жаны күйүп, болушту бычактап өлтүрүшүп, анын үч жигитин сабап жолго салышкан. Бийлик укук бузуучуларга катуу чара көрүп, болушту өлтүргөнгө катышы бар 12 адамдын ар бирин 10 жылдан 15 жылдык сүргүнгө айдаган.

1910-жылдын бу күндөрү Жетисуу областына караштуу жер шарты аталган Бөлүмдүн жетекчиси Владимир Васильев Ортотокой суу сактагычынын курулуш долбоорун жасаган. В. Васильевдин суу сактагычты куруу саамалыгы совет мезгилинде 45 жыл өткөндөн кийин барып жүзөгө ашырылган.

Кыргызстан экономикасынын багыт алуусуна ылайыкташкан адистерди даярдоо максатында, 1933-жылдын 11-апрелинде Кыргыз зооветеринардык институту ачылды. Жаңы окуу жай Фрунзе айыл чарба техникумунун базасында уюшулуп, адегенде институтта зоотехникалык жана ветеринардык факультеттер иштеген.

1993-жылдын бу күндөрү Жогорку Кеңеште мамлекеттик тил статусу жана Жогорку Кеңештин аталышы боюнча тартышуулар жүрүп атты. Айрым депутаттар парламентти батыш термини менен атоону сунуш кылышса, айрымдары ага Улуу кеңеш сыяктуу аталыштарды сунушташты.

11-апрель фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун Эларалык күнү. Бу күн Бухенвальд жана Дордогу фашисттик концлагердеги туткундардын боштондукка чыгышына байланыштуу белгиленип келет. Фашисттик Германиянын жеңилер сааты аныкталып калган маалда, 1945-жылдын 11-апрелинде Бухенвальд туткундары көтөрүлүш чыгарышкан. 1945-жылдын 22-апрелинде Заксенхауз, 29-апрелде Дахау, 30-апрелде Равенбрюк концлагерлеринин туткундары боштондукка чыгышкан.

Фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун Эларалык күнү кыргызстандык Улуу Атамекен согушунун ардагерлери жана андай концлагер туткунун башынан кечирген кишилер менен жалпы адамзат көйгөйүн көздөгөндөр үчүн ыйык күн катары эсептелинет. Улуу Ата мекендик согушка 100 миңдеген кыргызстандыктар катышып, алардын айрымдары фашисттик концлагер туткунун башынан кечиришкен.

Советтер Союзунун жогорку аскер командалык кадрларын даярдоо максатында уюшулган Генералдык штабдын Академиясы 1936-жылдын 11-апрелинде ачылган.
XS
SM
MD
LG