Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:13

“Де Факто” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/A87ABD21-92C1-420B-A69E-26DA7C9274FD.asp гезитинин жаңы санында жарыяланган маегинде парламенттин мурдагы депутаты Азимбек Бекназаров өлкөнүн ички-тышкы маселелерин президенттик акимчиликтин жетекчиси, президенттин уулу менен биртууган иниси чечип калганын айтып, ал иштерге мамлекет башчысынын таасири жоктугун билдирген. Бирок бул пикирди президенттин пресс-кызматынын жетекчиси Н.Шакиев жокко чыгарып, сөзгө жоопкер мамиле жасоо зарылдыгын белгиледи.

Азимбек Бекназаровдун өзү мамлекет башчысынын дарегине багыштап жаткан сын пикиринин жөн-жайын мындайча бышыктайт:

- Мамлекеттик чоң-чоң кызматтагы адамдар анын (Жаныш Бакиев - президент К.Бакиевдин бир тууган иниси - Б.Ш.) артынан ээрчип жүрбөйбү, ресторандарда болсун коомчулукту көзүнө илбей. Жаныш Салиевичтин офисинин алдында күндө министрлердин жана башкалар кабыл алууда болот. Ошондой эле күч структура кадрларынын маселесин Жаныш Салиевич чечип жатканын элдин баары эле билет. Ал эч кандай сыр деле болбой калбадыбы, ачыкка эле чыкты.



Президенттин пресс-катчысы Нурлан Шакиевдин ырасташынча, Азимбек Бекназаровдун мындай пикири коомчулукка жаңылык деле эмес. Анан да ал факт менен бекемделбей, жалпы сөз катары айтылууда:

- Мен мисалы, андай топторду билбейм, кабарым да жок. Эгерде мен билсем анда А.Бекназаровдун бул айткандарына башкача жооп бермекмин. Ошон үчүн мен айтар элем ушундай билдирүүлөрдү, маектерди берерден мурун жоопкерчиликти да ойлоп, ошол ар бир айта турган сөздөрдү өзү юрист болгондон кийин калыс талдап, анан коомчулукка айтып жүрсө жакшы болот деген тилегим бар.

Н.Шакиев сөз эркиндигинин жоопкерчилиги болушу керектигин ырастады:

- Чынында эле бүгүнкү күндө мезгил жетти. Сөз эркиндигине жамынып алып эле оозго келгенди оттой бербей, мындан кийин жоопкерчиликтүү мамиле жасасак жакшы болот эле.



Ал эми Азимбек Бекназаров тышкы маселелер негизинен президенттик акимчиликтин жетекчиси Медет Садыркулов менен Максим Бакиевдин көмөгү менен жүргүзүлүп жатканын ырастайт:

- Ушулардын баары президенттин өзүнүн таасири жоктугун, белгилүү күч “Сиз бийликте отура бериңиз, биз бийликти кармайбыз!” деп, ички маселени, сырткы маселени айрым таасирдүү чөйрө ээлеп алып башкарып жатканы сыр эмес.



Ушундай эле пикирин Ош облусунун мурдагы губернатору Анвар Артыков да ачыктады:

- Туура эле. К.Бакиев башкара албай калды. Ошол туугандары, инилери башкарып жатат.

Азимбек Бекназаровдун маеги жарыяланган 10-апрелдеги “Де-Факто” гезитинин кыйла нускасын “Кыргыз басмасөз” акционердик коомуна тиешелүү күркөлөрү сатуудан баш тартып жатышканын басылманын башкы редактору Ч.Орозобекова билдирди:

- Анан ошол күркөлөргө”Кыргызбасмасөз” жетекчилигинен “Де Фактону” сатпагыла деген буйрук түшүптүр. Бизден гезит алууну токтотушту. Анын себебин болсо ички чарбалык маселелер менен түшүндүрүп жатышат. “Күркөдө иштегендер силердин гезитти базардан дүңүнөн алып келип сатып ортодон пайда көрүп жатышат. Биз берген нусканы сатпай коюп жатышыптыр”, деп түшүндүрүп жатышат.

Ч.Орозобекованын айтуусунда, басылманын Бишкектеги гезит күркөлөрүнөн сатылыш-сатылбаш маселеси жакын арада такталмакчы. Бул талаштуу маселе парламенттин мурдагы депутаты А.Бекназаровдун маеги жарыяланаpдан кыйла мурун башталган.
XS
SM
MD
LG