Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

АМЕРИКАЛЫКТАРДЫН КӨБҮ ИРАКТАГЫ СОГУШТУ КОЛДОБОЙТ


Ирактагы согуш башталганына алтынчы жыл кеткен чакта Америкадагы сурамжылоолор АКШ жарандарынын үчтөн бири гана аны колдой турганын көргөзүүдө. Тактап айтканда, америкалыктардын 36%ы гана Ирактагы согуш --> http://azattyk.kg/rubrics/security/ky/2008/04/3D231A19-1952-4AA5-A20D-9EF072DABD04.asp алардын жеке коопсуздугун бекемдеди деген ойдо. АКШ президенти Жорж Буш Ирактагы согуш дал америкалыктардын коопсуздугун бекемдеш үчүн башталганын баарынан алдыга коюп келатканын эске алганда, анын сөзүнө ишенгендердин катары кыйла суюлганы көзгө урунат.

2003-жылы АКШ Ирактагы согуштук аракеттерин баштаганда, америкалыктардын 70%ына жакыны ага колдоо билдирген эле. Азыр ал согушту баштоо туура чечим болгон деп эсептегендер 35%дын тегерегинде. 18-мартта Си-Би-Эс телеканалы уюштурган сурамжылоого катышкан америкалыктардын 46%ы Ирактагы аскерлерди бир жыл ичинде чыгарып кетүү зарыл деген пикирин айткан. Дагы 20%дайы аларды азыр дароо алып кетиш керек деген оюн билдирген. Суралгандардын 8%ы гана америкалык аскерлер Иракта толук жеңишке жетишмейинче кала бериши керек деп эсептейт экен.

Вашингтондогу Америкалык ишкердүүлүк институтунун изилдөөчүсү Карлинн Боуман катардагы жарандар Ирактагы согушка баа берүүдө түрдүү факторлорду эске алаарын айтат:

- Биринчиден, алар аскерлер кандай аракеттенип жатканына көңүл бурушат. Армия – америкалыктар үчүн өтө популярдуу, кадыр-барктуу мекеме. Адатта АКШ калкы президенттер миссияны ачык-айкын түшүндүрүп, аскердик операция баштаса, ага кеңири колдоо билдирет. Албетте, азыр да калктын көбү президент Буш Жакынкы Чыгышта кандай максатты көздөп жатканын жакшы билет. Ошондуктан элдин көбү согуш башталгандан кийин далайга чейин жакшы эле колдоп берди жана азыр да Иракта кандайдыр жетишкендиктер бар экенин түшүнөт.

Айрым эксперттер АКШдагы сурамжылоолорго таянып, ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо Ирактагы согуш маселесинде азыркы президент Буштун саясатын колдогон республикачыл талапкер, сенатор Жон МакКейндин абалы олку-солку экенин айтышат. Ошентсе да, аскерлерди бир жыл ичинде Ирактан алып кетүүнү убада кылган демократ-талапкерлер Барак Обама менен Хиллари Клинтон үчүн бул баарын жеңилдетип берчү маселе эмес өңдөнөт. Карлинн Боумандын пикири:

-Соңку апталар ичиндеги сурамжылоолор айгинелеген бир кызык нерсе - алар эки суроого жооп издешкен – бири: Ирактагы кырдаалды жөнгө салууга үч талапкердин кимиси кудуреттүү? Жана экинчи суроо: бул маселени демократтар мыкты жөндөй алабы, же республикачыларбы? Баарынан кызыгы – америкалыктардын көбү демократтар Ирактагы кырдаалды тезирээк оңдомок деген пикирин айтат да, жеке талапкерге келгенде Барак Обама менен Хиллари Клинтонго караганда республикачыл Жон МакКейн ылайыктуу болмок дешет. Аскердик тажрыйбасы зор, Вьетнамдагы согушка катышкан сенатор МакКейн Ирактагы абалды жөнгө сала алат дегендер демократтардын эки сенатор талапкерин колдогондорго караганда 14% көбүрөөк болгон.

Күздөгү президенттик шайлоого Ирактагы кырдаал кандай таасир этээрин алдын-ала айтуу кыйын. Ошентсе да, көп жылдардан берки сурамжылоолордо америкалыктардын 20%ына жакыны эч кандай согушту колдобой турганын билдирип келатканын жана ушунча эле пайызы Ирактагы аскерлерди токтоосуз алып кетүү керек деп эсептээрин эске алуу абзел.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG