Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:01

8:09 Жаштар кыймылдарынын 10 мүчөсү сот жообуна тартылышты


Бүгүн Биринчи май райондук соту нааразылык акциясына чыккан жаштар кыймылдарынын 42 мүчөсүнүн ишин караганы жатат. Кечээ түн жарымына чейин болгон соттук териштирүүдө “Ак шумкар Кут” кыймылынын мүчөсү Бузурманкулов Айбек үч сутка камакка кесилди. Мындан тышкары 8 демилгечиге 2 миң сомдон, бирөөнө 1000 сом акчалай айып салынды. Административдик тартип бузду деп кармалган “Алкак” гезитинин бир журналисти сот залынан бошотулду.
Кечээ өткөн нааразылык акциясынын учурунда райондук милиция 52 адамды кармап, аларга милицияга баш ийген жок, пикет-митингдерди өткөрүү тартибин бузду деген айып таккан. “Ата мекен”, “Ар намыс”, Жашылдар партияларынын жаштар канаттары жана “Ак шумкар Кут” кыймылы Жогорку Кеңештин алдына чыгып, кыргыз-казак чегарасындагы талаштуу жерлерге жана төрт пансионатка байланыштуу нааразылык акциясына чыгышкан. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG