Француз президенти Николя Саркозинин аялынын жылаңач түшкөн фотосүрөтү аукциондо 91 миң долларга сатылды. Брунини сүрөткө модельер кезинде, 1993-жылы фотосүрөтчү Михель Комт тарткан. Бул сүрөттү кытайлык коллекционер сатып алгандыгын Кристи аукцион үйүнөн кабарлашты. Француз президенти менен Бруни февраль айында үйлөнүшкөн.