Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Бээжин Олимпиадасынын ачылышына катышпайт


Олимпиаданын ачылыш салтанатына катышпайт. БУУнун басма сөз катчысы Мари Окабенинин билдиргенине караганда, Пан Ги Мун Бээжинге иш графигинин жыштыгынан улам гана бара албайт. БУУнун расмий өкүлдөрү Баш катчынын чечиминин Батыш өлкөлөрү Кытай бийликтеринин Тибеттеги саясатын сындоосу менен эч кандай байланышы жок деп жатышат. Бул аралыкта Европарламент Евршаркеттин лидерлерин эгер Кытай бийликтери Тибеттин сүргүндөгү диний лидери Далай Лама менен сүйлөшүүлөрдү баштабаса Олимпиаданын ачылыш салтанатын бойкоттоого чакырды.
Ал эми Олимпиада оту дүйнө боюнча жүрүшүн улантып, Аргентинага келди. Бүгүн өлкө башкалаасы Буонес Айресте отту алып чуркандарды миңдеген полициячылар кайтарары күтүлүүдө. Буга чейин Лондондо, Парижде жана Сан –Францискодо Олимпиада отунун жүрүшү Кытайга каршы демонстрациялар менен коштолгон эле. Кытайды Тибеттеги саясаты, адам укугун бузуулар үчүн сынга алгандар Олимпиада отунун жолундагы нааразылык акциялары аркылуу Бээжинге кысым көргөзүүнү көздөөдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG