Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:40

9:50 Аскар Бешимов: Бул келишим эки тараптын байыртан келген достук-кызматташтык мамилелердин чыңдала берүүсү үчүн өтө чоң мааниге ээ


Парламентте маалымат берип жаткан тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимовдун айтуусунда кыргыз-казак чегарасын делимитациялоодо тараптар 1933-жылкы чегаралар тууралуу токтомун жана башка юридикалык күчкө ээ документтерди жетекчиликке алышкан. Чегара сызыгын бекиткен Кыргыз ССРинин президиумунун 1961-жылкы 30-марттагы бекитилген жарлыгы Казакстан тарабынан укуктук күчкө ээ эмес документ катары кабыл алынган. Аскар Бешимовдун маалыматы боюнча келишим 1941-1943-жылдагы түзүлгөн карталар боюнча так түзүлгөн. Келишимге 2001-жылы 15-декабрда кыргыз-казак президенттери тарабынан кол коюлган жана муну менен кыргыз-казак чегарасы толук демаркацияланган деп эсептелген. Бул келишим эки тараптын байыртан келген достук-кызматташтык мамилелердин чыңдала берүүсү үчүн өтө чоң мааниге ээ, бирок бул кыргыз аймагын достукка алмаштыруу эмес, дейт Аскар Бешимов. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG