Аскар Бешимов Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы акыркы 15 жылдык байланышты жана тарыхый мамилелерди, союздаштык ынтымакты депутаттардын эсине салды. Чегаралардын такталбашы эки тараптын мамилелерине тоскоол болушу ыктымал деди. Ошол эле убакта "Кыргыз бийлиги чегарадагы жерди Казакстан менен достукка алмаштырат, дегенди билдирбейт", деп айтты Аскар Бешимов. "Кыргыз адистери Кыргызстанга зыян келтирген чечимдерди кабыл албайт", деп кошумчалады ал.
Буга чейин Ысыката, Талас, Карабуура, Түп райондоруна сапарлар уюштурулуп, чегаралардагы талаштуу жерлердеги эл менен жолугушуулар уюштурулган.
Аталган келишим 2001-жылдын 15-январында Астанада эки президент тарабынан кабыл алынган. Келишимди казак парламенти ратификациялаган. Кыргыз парламенти Каркыра жайлоосундагы, Таластагы жана Чүй суусунун боюндагы чегара аймактарында талаштуу маселе бар деп, келишимди ратификациялабай келген.
Мындан тышкары Жогорку Кеңеш бүгүн 4 пансионатка байланышкан казак-кыргыз макулдашуусун да карайт.
Документке ылайык Ысыккөлдөгү төрт пансионаттын жерин 49 жылга күрөөгө берүү каралганы айтылууда, айрым маалыматтар боюнча пансионаттар Казакстанга биротоло кетет.
Буга каршы чыккан коомдук-саясий чөйрө өкмөттөн ириде обьектилерди Кыргызстан өз менчигине алып, андан кийин жерди имараттары менен күрөөгө берүү керек деп эсептешүүдө. Айрым саясатчылар маселенин бул өңүтүн эске албаса, пансионаттар анклавга айланат деп кооптонуп жатышат.
Совет мезгилинен бери бир ыктай чечилбей келаткан “Казакстан” санаторийи, “Самал”, “Унверситет” эс алуу үйлөрү Бостериде, “Олимп” ден соолук борбору Корумду айылында жайгашкан.
Бүгүн Биринчи май райондук соту нааразылык акциясына чыккан жаштар кыймылдарынын 42 мүчөсүнүн ишин караганы жатат.
“Ата мекен”, “Ар намыс”, Жашылдар партияларынын жаштар канаттары жана “Ак шумкар Кут” кыймылы Жогорку Кеңештин алдына чыгып, кыргыз-казак чегарасындагы талаштуу жерлерге жана төрт пансионатка байланыштуу нааразылык акциясына чыгышкан болчу. 52 адамды милиция дароо кармап кеткен болчу.
Кечээ түн жарымына чейин болгон соттук териштирүүдө “Ак шумкар Кут” кыймылынын мүчөсү Айбек Бузурманкулов үч сутка камакка кесилди. Мындан тышкары 8 демилгечиге 2 миң сомдон, бирөөнө 1000 сом акчалай айып салынды. Административдик тартип бузду деп кармалган “Алкак” гезитинин бир журналисти сот залынан бошотулду. (KO,BuS)