Линктер

жума, 20-январь, 2017 Бишкек убактысы 01:09

11:50 “Ак Жол” фракциясынын депутаттары кыргыз-казак чегарасы тууралуу келишимди ратификациядан өткөрүп берүүнү сунушташууда


Аталган фракциянын чыгып сүйлөгөн айрым мүчөлөрү жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен бул ишти эртелетип чечип берүүнү туура көрүшүүдө. Алар Кыргызстандын юридикалык чегарасын тактап алуу үчүн бул келишимди ратификациядан өткөрүү зарылдыгын белгилеп атышат. Депутат Зайнидин Курманов кыргыз-казак чегарасы тууралуу маселе ашыкча саясий боек алып кетти, деген пикирин айтты. Анын айтуусунда Вена келишимине ылайык чегара маселелери кыска убакытта чечилүүгө тийиш. “Бизде күчтүү армия жок, оор артиллерия да жок, эгер биз тез арада бул маселени чечпесек, биз жерсиз калабыз,” дейт депутат. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG