Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

14:00 Бишкекте кичи автобустардын айдоочулары иш ташташты


Бүгүн саат 10:00 дон тарта иш таштаган айдоочулар жол акыны кымбаттатууну талап кылышууда. Бишкек шаардык транспорт департаментинин маалыматы боюнча кичиавтобустар Асанбай кичирайонунда, Военноантоновка айлында жана башка аймактардагы каттамдардын акыркы аялдамаларында чогулуп, каттамга чыкпай атышат. Аталган департаменттин жетекчиси Марат Чымырбаевдин журналисттерге маалымдаганы боюнча аз күн мурда кичиавтобустардын айдоочулары менен сүйлөшүүлөр болгон, бирок ага карабастан айрым айдоочулар башкаларды үгүттөө жолу менен иш таштоону баштап жиберишкен. Бишкек шаардык транспорт департаменти мындай айдоочулар менен иш жүргүзүп жатат, ал эми көп каттамдардын акыркы аялдамаларында департаменттин кызматкерлери айдоочуларды ишке чыгууга үгүттөп иштеп жатышат. Учурда кичиавтобустардын кыймылы аз-аздан жандана баштады, деп маалымдайт Бишкек шаардык транспорт департаменти. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG