Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:14

14:45 “Ак Жол” курултай өткөрүүгө камынууда


Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматынын жетекчиси Авланбек Жумабаев журналисттерге маалымдады. Анын айтуусунда 29-апрелде Бишкекте өтө турган кезектеги курултайга мамлекет башчы Курманбек Бакиев катышат. Курултайда талкууга алынуучу маселелер жана программалар делегаттар тарабынан иштелип чыгууда.
“Ак Жол” партиясы 2007-жылы ноябрь айында президент Курманбек Бакиевдин жетекчилиги алдында түзүлгөн. Кыска убакыттан кийин президент партия жолбашчылыгын өткөрүп берген. “Ак Жол” партиясынан шайланган депутаттар парламенттин басымдуу бөлүгүн түзөт. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG