Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Эл аралык кризистик топ кечээги билдирүүсүндө Кыргызстан беделдүү мамлекет болууну кааласа, анда коррупцияга баткан жана өкмөттүн көзөмөл астында калган сот системасын реформалашы зарыл деп билдирди. Кыргызстандагы сот системасын реформалоо маселеси тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна коомдук жана саясий ишмер Топчубек Тургуналиев жооп берди.

-Топчубек мырза, Кыргызстандагы сот бийлигинин азыркы абалына кандай баа бересиз?

-Кыргызстандагы сот бийлиги мурдагы коммунисттик доордон бери көз каранды. Дегеле Бириккен Улуттар Уюмунун, ЕККУ жана Европа биримдигинин бардык негизги документтеринде, биздин Конституциябызда, мыйзамдарда сот бийлиги көз каранды эмес болушу керек деп жазылган. Бирок мурдагы замандан бери сот бийлиги көз каранды болуп келүүдө.

Экинчиден, Кыргызстанда бийликтин бардык тармагы коррупцияга терең малынган, анын ичинде сот бийлиги дагы. Ошондуктан мурдагы президент Аскар Акаев кайсы бир жылы элдин бери жагы 80 пайызы сот бийлигине ишенбейт деп бекер айткан эмес. Менин оюмча, 80 пайыз деп аз айтылган, 90-95 пайызы ишенбейт.

Албетте соттордун арасында дагы анча-мынча жакшы иштегендери болсо керек. Мына азыр Жогорку Соттун төрагасы Алиева Жаңыл айымды Кыргызстандагы эң таза соттордун, өтө сейрек адамдардын бири деп айтсак болот. Бирок система жөнүндө сөз болуп жатат да.

-Топчубек мырза, сот системасын реформалоо зарылдыгы байма-бай айтылып келет, бирок азыркыдай шартта андан натыйжа чыгабы? Дегеле сот системасын реформалоо кандай жүрүшү керек?

-Сот системасын реформалоо үчүн бир нече тепкич керек го. Эң биринчиден, тергөө иштери азыр бир нече уюмдардын колунда. Өзүнчө мамлекеттик уюм кылып, аны түздөн-түз өкмөткө, президентке баш ийдириш керек. Себеби а дегенде тергөө иштери бүтүндөй айнып бузулуп жатпайбы. Тигил же бул мамлекеттик уюмдарга, органдарга баш ийип жатпайбы. Ички иштер министрлигинде бар, Улуттук коопсуздук кызматында бар, прокуратурада бар. Ал эми демократиялык көп өлкөлөрдө тергөө өзүнчө бир институт.

Экинчиден, сотторду чын эле көз каранды кылуу үчүн алардын бюджетин түздөн-түз өкмөт эмес Жогорку Кеңеш бекитип, мамлекеттен түздөн-түз чыгара турган кылыш керек. Алардын айлыгын чоң кылыш керек. Көп кылганда эле бардыгы эле пара албай калат дегенге дагы ишенбеш керек. Себеби азыркы соттордун далайы мурдатан бери “колу калтырак” болуп, көнүп калган. Алардын айлыгын канчалык чоң кылсаңыз дагы ала берет.

Андан башка материалдык-техникалык жактан дагы сотторду көз каранды эмес кылуу үчүн көп нерселерди жасаш керек. Акыркысы, ошол соттордун эң бир ыймандуу болгонун, уламдан-улам конкурска салып отуруп, декларация жаздырып, ушинтип уламдан-улам текшерип отурса, кийинки муундар тазаланат эле.

-Топчубек мырза, март ыңкылабынан кийин бул тармакта кандай өзгөрүүлөр болду?

-Мартка чейин деле, марттан кийин деле сот бийлиги гана эмес Кыргызстандагы бийликтин бүт бардык тармактары дегеле оңолгон жок. Ошол алдым-жуттум, коррупция деген ого бетер күчөдү. Бул бардык массалык маалымат каражаттарында айтылып жатат. Бирок коррупцияга каршы чындап күрөшкөн эч ким жок.

Мисалы, “Эхо Москвы” деген үналгы айтып жатат, “Орусияда коррупция менен күрөшө турган эч ким жок. Себеби бийликтегилердин бардыгы коррупцияланган” дейт. Анын сыңарындай Кыргызстанда деле ошондой болуп жатпайбы. Революциянын бир дагы талабы, анын ичинде сот бийлигин көз каранды эмес кылыш керек деген талабы аткарылган жок.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG