Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:51

ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ӨЛКӨНҮН АЗЫРКЫ АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ ТАЛКУУЛАНАТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Эртең Бишкекте жалпы Элдик Курултай өткөнү жатат. “Акыйкат үчүн” кыймылы уюштуруп жаткан бул жыйында өлкөдөгү коомдук, саясий жана экономикалык абалга байланышкан маселелер талкууланмакчы. Буга байланыштуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Аликбек мырза, алгач курултайды өткөрүү себептерин айтсаңыз. Элдик курултай кандай максатты көздөйт?

-Өзүнөр билесиңер, бүгүнкү күндө кыргыз эли абдан кыйналып, Кыргызстандын коопсуздук маселелери абдан күчөп турган мезгили. Ошон үчүн биз “Акыйкат үчүн” кыймылына кирген партиялар, коомдук уюмдар, Коомдук парламентке кирген ишмерлер ушундай сунуш менен чыгышты эле, эл колдоду. Бүгүнкү күндө бир жарым миң делегация келет. Күн тартибин өзүңөр билесиңер, Кыргызстандын тарыхый тажырыйбасы, бүгүнкү абалы жана келечеги кандай болот деген күн тартип менен эртең иштей баштайбыз.

-Курултайда кандай чечимдер кабыл алынмакчы?

-Эки документти даярдап жатабыз. Биринчиси – резолюция. Ошол резолюция бардык алдыда айтып кеткен маселелерди көтөрмөкчүбүз. Келечек кандай болот? Эң негизги ушуга басым жасайбыз. Кайсы маселелерди бүгүнкү күндө чечиш керек? Экинчиси – элге кайрылуу.

-Бийликке кандайдыр бир талаптар дагы коюлабы?

-Албетте. Бүгүнкү күндө өткөрүп жаткан саясат, экономикалык, социалдык маселелер боюнча абдан орчундуу маселелерди коебуз.

-Ошол курултайдан кийин абал өзгөрүп, бийлик коомдук пикирди эске алышы мүмкүнбү?

-Азыр айтыш кыйын, бирок мен ойлойм, ойлонушат го деп.

-Аликбек мырза, бүгүн парламент кыргыз-казак чек арасы боюнча келишимди талкуулап жатат. Келишимге кол коюлган учурда сиз дагы бийликте жооптуу кызматтарда иштесеңиз керек эле. Бул боюнча эмне айта аласыз?

-Мен ал кезде Австрияда элчи болуп иштегем. Ошон үчүн тилекке каршы мен катыша алган жокмун. Азыркы күндө силер билесиңер 2001-жылы бул келишимге кол коюлган. Анда башка бийлик болчу, азыр башка бийлик. Ошон үчүн мен ойлойм, бул бийликтин толук ошол келишимди ратификация кылбай эле, кыргыз элинин кызыкчылыгын тагыраак чагылдырып, өзүбүздүн жакшы аймактарды бербей койгонго толук мүмкүнчүлүк бар. Анткени өзүңөр билесиңер, жаңы бийлик келгенде көп маселелерди кайра карап чыгат.

Негизинен, бүгүнкү күндө эгер ратификация кылып, жакшы жерлерибизди кетирип жиберсе, азыркы парламент жооптуу болот. Анткени Каркырадагы 620 гектар, анан Маймакта деп айтып жатпайбы. Бул жерлердин сапаты өтө жогору. Ошолорду берип коюп, сапатсыз жерлерди алганда, өзүңөр билесиңер, сандар дагы жакшы болсо дагы элге зыян келтириши мүмкүн. Ошон үчүн жети өлчөп бир кесип, бул маселени кылдаат изилдеп, кайрап карап чыгууга бийликти үндөйт элем.

Албетте Казакстан парламенти 2003-жылы бул документти ратификациялаган. Биздики азыр комитет эки ачакей документ кабыл алды. Биринчиден, ратификацияласын деп коюшту, экинчиден эки аймакты кайра карап чыксын деп. Бир чечимге келиш керек болчу. Муну туура эмес кылып жатышат.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG