Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Аба ырайы: 12-апрелде Кыргызстандын кээ бир аймактарында жамгыр жаайт


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 12-апрелде Кыргызстандын кээ бир аймактарында жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +17...+22 градус.
Таласта түнкүсүн +2...+7, күндүз +15...+20 градус.
Баткен аймагында түнкүсүн +5...+10, күндүз +15...+20 градус.
Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +17...+22 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...+5, күндүз +9...+14 градус.
Нарын жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +11...+16 градус болот.
Борборубуз Бишкекте ала булут каптап турат. Жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +5...+7, күндүз +18...+20 градус.

XS
SM
MD
LG