Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

РОЗА ОТУНБАЕВА: КАЗАКСТАН БАЙКОҢУР КОСМОДРОМУ ҮЧҮН КАТУУ СООДАЛАШКАН


Мурдагы тышкы иштер министри, азыр Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзүндө келишимдеги төрт пансионаттан сырткары көл жээгинде Казакстан талаша турган башка дагы төрт объектиси бар экенин, Өзбекстан талаша турган дагы төрт объект бар экенин, алар дагы өз кезегинде парламенттин алдына баш ооруткан маселе болуп келерин унутпоого чакырды. Отунбаева Байкоңур космодрому боюнча Казакстан менен Россиянын ортосунда сүйлөшүүлөр кандай жүргөнүн, президент Назарбаевдин Россиядан космодромдун аренда акысын төлөтүп алууга кантип жетишкенин айта кетти.

“Россия тарап космодромду пайдалангандыгы үчүн аренда акы төлөгөнгө макул болбой жаткан. Казакстан менен Россиянын президенттеринин ортосунда абдан чыңалган сүйлөшүүлөр болгон. Чыңалууну жазуу үчүн орто жерден ичимдик алып коюп турууга да туура келген. Анан Нураке айтты дейт:

-Россия чоң мамлекет, эмне үчүн аренда акы төлөгүсү келбейт?

Борис Николаевич башын чайкап:

-Абдан көп талап кылып жатасыңар, 200 миллион доллар биздин бюджет үчүн абдан чоң сумма. Менин жолдошторум буга макул болбойт. Алар Байкоңур космодромун Казакстанга тийиштүү деп тааныган акысы үчүн аны бекер алууну талап кылып жатышат.

Ельцин бул маселени андан ары сүйлөшкөндөн пайда жок деген мааниде кол шилтейт. Бирок Назарбаев космодромдун аренда акысы үчүн айтканынан кайтпай коет. Ошондо Ельцин кеп сөзгө келип, “космодромдун аренда акысына 50 миллион доллар, бирок бир доллар да ашык эмес” деген сунуш айтат. Нураке саал ойлонуп туруп, мындай дейт:

- Борис Николаевич, келиңиз аренда акыны 100 млн доллар кылалы, ошондой эле достугубуз үчүн дагы 15 млн доллар кошолу.

Бул сунуш Козыревке жакпай калат. Бирок Ельцин аны жактырбай карап, столду бир муштап, “макул” деген жооп айтат. Келишимдин оригиналында аренда акысы боюнча басма тамга менен эмес Назарбаевдин колу менен жазылып калган. Ошол учурда Назарбаев өтө оор учурду башынан өткөрдү. Космодром абдан уникалдуу курулуш, бүткүл адамзат цивилизациясына тиешелүү, бирок ал Казакстандын юрисдикциясында калды. Ошон үчүн Казакстан дүйнөдөгү космостук өлкөлөрдүн катарына кирди.

Мен муну айтып аткан себебим, Казакстан өзүнүн таламын бардык күчү менен талашканында. Россиянын күчү жана таасири кандай экенин билип туруп, ошого карабастан өзүнүн дүйнөлүк мааниси бар Байкоңур сыяктуу объект үчүн кандай күрөшкөнүндө."
XS
SM
MD
LG