Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Эртең 12-апрелде Бишкектеги Спорт ордосунда Элдик курултай өткөрүлөт. “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын координациялык кеңеши бүгүн уюштуруу маселесин талкуулап, негизинен курултай өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Курултайга жалпысынан бир жарым миңге чукул делегаттын келүүсү күтүлүүдө. Жыйында өлкөдөгү саясий-экономикалык абал, азык-түлүк коопсуздугу, энергетика маселеси талкууланып, жыйынтыгында резолюция кабыл алышмакчы. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев тартип коргоо кызматкерлери курултайдын коопсуздугун камсыз кылууга даяр экендигин “Азаттыкка” билдирди.

“Кыргызстандын тарыхый тажрыйбасы, бүгүнкү абалы жана келечеги” деген аталыштагы Элдик курултай өткөрүүгө даярдыктар негизинен бүттү, деп билдирди Коомдук парламенттин башчысынын орун басары Асия Сасыкбаева. Анын айтымында, иш чара саат ондо Максим Горькийдин эстелгинин жанында чогулуудан башталат. Ал жерде пикир алышуулар, кыскача концерттик программа тартууланып, саат он бирден баштап Спорт ордосунда Элдик курултайдын делегаттары каттоодон өтүшөт. Белгилүү манасчылар “Манас” эпосунан үзүндү айтышып, андан соң Координациялык кеңештин жетекчиси Аликбек Жекшенкулов курултайды ачат.

Элдик курултайда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев - өлкөдөгү саясий кырдаал, Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев – Конституциялык реформа жана парламент тууралуу, “Акыйкат үчүн” кыймылдын координациялык кеңешинин жетекчиси Аликбек Жекшенкулов – “Өнүгүүнүн ыймандык жана адеп-ахлактык негиздери” деген темада доклад окушат, дейт Сасыкбаева. Өлкөдөгү экономикалык-социалдык маселелер боюнча доклад даярдап жаткан кыймылдын теңтөрагасы, экс-депутат Темир Сариев буларга токтолду.

-Бизде азыр негизинен үч көйгөй бар. Бул ажыдаардын үч башындай болуп биринчиден коррупция, экинчиден жакырчылык, үчүнчүдөн жумушсуздук. Мына ушул үч маселенин тегерегинде курултайда талкуу болот.

Ал эми “Ак жол” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Аскарбек Шадиев Элдик курултайдын өткөрүлүшү тууралуу маалыматы жоктугун, бирок Коомдук парламенттин иши жакшы жылбай жатат деген пикирлер бар экендигин айтты.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев болсо милиция кызматкерлери оппозициябы, саясатчыбы бардыгына бирдей мамиле кылаарын, күнүмдүк жумуштары сыяктуу эле коомдук тартипти жана курултайдын коопсуздугун камсыз кылышарын белгиледи.

-Курултай өтөт деп мага эч ким расмий кайрылган жок. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына шаардык бийликтен кат түшүптүр, “баланчанчы күнү өтөт” деп. Биз кадимкидей эле күндөгүдөй жумушубузду алып бара беребиз. Албетте кызматкерлер ызы чуу болуп кетпесин, кокустук чыкпасын деп карап турушат. Биз алардын дагы коопсуздугун сакташыбыз керек,-деди Молдомуса Конгантиев.

“Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын мүчөсү, Коомдук парламенттин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева Элдик курултайдын соңунда резолюция, кыргыз элине кайрылуу кабыл алынарын билдирди.
XS
SM
MD
LG