Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:04

Кыргыз парламентинин Казакстан менен чек ара жана ага төрт пансионатты берүү боюнча келишимди ратификациялаган --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/BA2AC53C-003D-4FCD-A831-5AB66335A303.asp чечими коомдо дароо карама-каршылыкты пайда кылды.

“Асаба” партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров парламенттин чечими Конституцияга карама-каршы келет дейт:

-Ратификациялоону күзүндө кабыл алынган Конституцияга да карама-каршы кабыл алышты. Анткени, чек ара өзгөрүлүп жатат. Чек ара өзгөрүлгөндө маселе кеминде эки жолку окуудан өтүш керек.

Ал эми экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кыргызстан саясий эл аралык мүмкүнчүлүктү колдон чыгарды деген пикирде:

-Эгерде бүгүнкү бийлик саясий эркин көрсөтсө бул маселени токтотуп коюуга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Себеби, келишимге 2001-жылы Акаев менен Назарбаев кол коюшкан. Аны Казакстандын парламенти 2003-жылы ратификациялаган. Андан кийин бийлик жаңырды. Бийлик жаңыргандан кийин бул маселени токтотуп коюуга укук бар эле.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде парламент бир адамдын буйругун аткара тургандыгын дагы бир жолу ырастады:

-“Ак жолдун” депутаттары менен өкмөттүн Казакстандын сураганын бербесек алардын биз менен мамилеси бузулат деген саясатын көз каранды, күн карама саясат деп эсептейбиз. Биз башында парламент президент Бакиев каалаган мыйзамдардын бардыгын алып берет деп айтканбыз. Натыйжа мына так ушундай болуп жатат.

“Ак жол” фракциясынын депутаты Зайнидин Курманов болсо Казакстан менен келечектеги ымала үчүн чечим туура кабыл алынды деген ишенимде:

- Бул Казакстан менен келечектеги кызматташуу маселеси. Биз алар менен согушка бараткан жокпуз да.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Балыкчыдагы координатору Маматэмин Өмүрзаковдун билдирүүсү боюнча чечимге Ысыккөлдүн эли нааразы:

- Элдин баары тең буга каршы жана нааразы. Анткени мурда да жер берилип кеткен. Жер кысылып эле баратат. Кыргыз эли кайда барат?

“Эл аралык толеранттуулук” фондунун Таластагы өкүлү Бакбосун Жолдошбековдун айтымында, Таластагы жергиликтүү эл да чечимге куштар эмес:

-ВЦИКтин 1926-жылкы, 1928-жылкы жана 1930-жылкы мурунку токтомдору орундалган жок. Элдин талабы аткарылган жок. Демек, элдин көйгөйү ошол бойдон калат.

“Жаңырык” жаштар коомунун жетекчиси Жылдызбек Музуратбековдун айтымында, жаштардын нааразылыгы да күчтүү:

-Албетте, жаштарды өкүндүрбөй турган маселе эмес. Мисалы көлдөгү пансионаттар 49 жылга берилип, кийин Кыргызстанга өтөт жана ал жерде иштегендердин ичинен жергиликтүү элдин саны 80% болот деп жатышат. Андай болбойт. Маселен, союз маалында Сузактагы Кемпирабад суу сактагычы Өзбекстанга 25 жылга эле пайдаланууга берилген экен. Андан бери 27 жыл болду. Алар бизге кайрып бермек тургай айланып өтө турган 300 метрлик жолду 10 чакырымга айлантып, жерди курчап алышты. Азыр эле көлдөгү пансионаттардын көбү чет элдиктерге кетип калды. Биздин жергиликтүү эл ошол көлдүн жээгине барып эркин түшө албай калышты. Өзүбүздүн мамлекетибизде туруп ушундай абалга туш келгенибиз бизди нааразы кылбай койбойт.

“Ак жол” фракциясынын депутаты Айнура Кенжебаева болсо пансионаттар эл аралык укуктун негизинде берилди дейт:

- Биз берүүгө милдеттүүбүз. Аны эл аралык укук талап кылат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсун Турдумамбетов Казакстан жердин үстүнө курулган жайларга гана ээлик кыла алат деп элди ишендирди:

-Биз жердин үстүнө салынган имараттар гана алардын менчиги деп таанып жатабыз.

“Мен ишенбейм!” кыймылынын лидери Гүлшайыр Абдрасулова болсо бул чечим кыргыз-казак жаштарынын карама-каршылыгын пайда кылат дейт:

-Бул маселени кыргыз парламенти көтөрбөсө казак тарап көтөрмөк эмес. Мисалы, Казакстан Сочиде салынган эки пансионатыбыз бар деп өтүнүч жазган экен. Орусиянын бийлиги эч кандай пансионатыңар жок, себеби союз маалында салынган имараттар кайсы мамлекеттин аймагында турса ошол мамлекетке карап калат деген эл аралык мыйзамдар бар деп, баш тартты. Ага эч ким унчуга албай эле калды. Бул маселе эртең кыргыз жаштар менен казак жаштарынын ортосунда чоң карама-каршылыкты жаратышы мүмкүн. Анткени, бул биздин келечек, биз аны азыртан ойлонушубуз керек. Берилип жаткан жерлер менен жайларыбыз өзүбүздүн кыргыз жаштарына тийбегенден кийин, алардын үй-жай курууга жер жетишпей жаткандан кийин жаштар эмне үчүн башка мамлекеттин кызыкчылыгын ойлонушубуз керек деген маселе сөзсүз чыгат.

Экс-депутат Ишенбай Кадырбеков болсо шашылыш кабыл алынган чечим эртеби-кечпи эл бетине чиркөө болот дейт:

-Жер маселеси - элдин маселеси. Муну өз учурунда Үзөңгүкууш менен көрсөткөнбүз. Ага жаш балдарыбыз каршыбыз деп чыгышса, аларга сөз бербей, милициялар алып кетип жатат. Бул окуя парламенттин алдында болсо да аны көргөн депутаттарыбыздын унчукпай отургандан кийин Кыргызстандын шору экен да!
XS
SM
MD
LG