Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

“МАНАС” АБА МАЙДАНЫ $32 МИЛЛИОН ДООГО КАЙДАН КАБЫЛДЫ?


Жогорку Кеңеш өткөн жума күнү “Манас” аэропортундагы “Манас менеджмент” компаниясына салыктан жеңилдиктерди берүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл албай, кыргыз өкмөтүн 32 миллион долларга жакын айыппул төлөтүүгө мажбур кылган жагдайды териштирүү боюнча депутаттык комиссия түздү. Депутаттардын баамында, комиссия окуянын аягына жакында чыга койбойт. Ага эмне себеп?

1998-жылы ал кездеги “Кыргызстан аба жолдору” улуттук авиакомпания Италиянын “Италиялык технология жана инновация” аттуу компаниясы менен биргелешип, кыргыз-италиялык “Манас менеджмент” компаниясын түзүп, 51пайыздык акциясына “Кыргызстан аба жолдору”, 49 пайызына Италия ээ болуп калган. Ал “Манас” аэропортунда жүк кабыл алуучу терминал менен самолет жүргүнчүлөрүнө берилүүчү ысык тамакты даярдоочу борборду куруу үчүн түзүлүп, Италиядагы Меdiocredito cenrtale банкынан 10 жарым миллион долларлык кредит алынган. Аны төлөп берүүгө “Кыргызстан аба жолдору”, демек өкмөт кепил болгон.

Аталган жайлар 2000-жылы курулуп бүтүп ишке киришкенден кийин “Кыргызстан аба жолдору” кайра түзүлгөндө анын мураскору болгон “Эл аралык “Манас” аэропорту менен италиялык компаниянын акциясынын жарымын алган австриялык “Finrep” компаниясы биргелешип, “Кyrgyz air” авиакомпаниясын түзүшкөн. Бирок кыргыз тарап австриялык тараптан акциясын кайтарымсыз өткөрүп берүү талабын аткарбагандыгы үчүн 2003-жылы “Кyrgyz air” авикомпаниясынын лицензиясын алып койгон. Ага нааразы болгон австриялык компания Лондондогу эл аралык арбитраждык сотко арыз бергенде, 2004-жылы “Манас менеджмент” компаниясы терминалдарды сот аркылуу биротоло алып койгон. Чет өлкөлүк тарап бул боюнча да Лондон сотуна арыз берип, сот кыргыз тарап 31 миллион 629 миңден ашуун долларлык айыппул тартсын деген чечим чыгарган.

“Манас менеджмент” компаниясынын азыркы президенти Асан Токтосуновдун айтымында, кыргыз өкмөтү айыппулду төлөбөш үчүн 2006-жылы мунасага келүү келишимин түзүп, ал үчүн австриялык компанияга 31% пайыздык акциясын берүүгө жана Бишкек эркин экономикалык аймагынын субьектиси катары салыктан жеңилдик берүүгө макул болгон:

- Тараптар мунасага келе алышкан жана анын өзөгү, албетте, кредиттерди толук төлөө жана компанияга салыктан жеңилдик берүү болгон.,- деп билдирди Асан Токтосунов.

Анын айтымында, салыктан жеңилдик берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору парламентке чет өлкөлүк инвестордун мына ушундай талабынан улам сунушталган.Себеби чет өлкөлүк инвестор келишимдин ушул шарты аткарылса Лондон сотунан арызын кайтарып алууга даяр.

Бирок парламентарийлер мунун артында Кумтөр кенин “Сентерра голд” компаниясына тарттыргандай схема турат деп, комиссия түзүштү. Депутат Бегалы Наргозуевдун айтымында, 1998-жылкы келишим боюнча терминалдар 7 жылдык орток пайдалануудан кийин биротоло Кыргызстандын менчигине өтмөк жана 2004-жылы терминалдар сот аркылуу кыргыз тарапка өткөн кезде кварталына жарым миллион долларга жакын киреше алып, кредитти төлөөгө кудуреттүү экендиги айгинеленген.

Бирок 2000-жылдан тарта иштеген терминалдардан түшкөн каражатты италиялык “Гамма” деген башкармалыктын “Манас менеджменттин” макулдугу менен дайындалган чет өлкөлүк жетекчилери кредитке төлөбөй, кредит алууга кепил болгон өкмөт да ага көз салбай, кирешени өзүнө чегерген адамдар иликтенмек түгүл 2006-жылы “Манас менеджмент” жеке менчик ишканага айландырылып, кыргыз тараптын 31% акциясы жең ичинен берилген:

- Аэропортко жаңы жетекчилик келгенден кийин эмнегедир бул ишкана чыгашалуу ишканага айланып, италиялык, австриялык ишкерлер кайрадан пайда болуп, ишкана кайрадан жеке менчикке өткөрүлгөн. Ал аз келгенсип “Манас” аэропортунун 31 % үлүшү ошол чет өлкөлүк компанияга жең ичинен өткөрүлүп берилген. Ал жөнүндө коомчулукка кабарланган эмес. Ошол кездеги парламент да билбей калган . Австриялык, италиялык компаниянын артында Василий Толстуновдор турат. Алар илгери Жалалабатта балдардын тамагын жасаган завод курам, Гималай суусун куям деп, мамлекеттин эсебинен чоң суммадагы кредит алып, заводду курбай качып кеткен адамдар.,- дейт Бегалы Наргозуев.

Демек бул маселе өкмөт менен парламенттин ортосунда талкууну, ал эми коомчулукта карама-каршылыкты пайда кыла турган окуя болот деп саясат талдоочулар түкшүмөлдөй башташты.

Ал эми Транспорт жана коммуникация министрлиги менен “Манас” аэропортунун жетекчилигинен бул окуя тууралуу так түшүндүрмө алуу аракетибизден майнап чыккан жок.

XS
SM
MD
LG