Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Амирбек Усманов, Прага Кошмо Штаттары менен Батыш Европанын финансы базары тушуккан абалдан улам Чыгыш Европа жана пост-советтик республикалардын экономикалык өсүүсү басаңдашы ыктымал. Дүйнөлүк банктын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/AF229520-6E48-4D71-B246-D7EA584283CD.asp билдиришинче, кокус экономика оор жагдайга кабылып, анын кесепетинен калктын жарды бөлүгү кыйналбас үчүн улуттук өкмөттөр коомдук чыгымдарды азайтып, элге социалдык колдоо көрсөткөнгө даяр турушу зарыл.

Дүйнөлүк банктын аймактык вице-президенти Шигео Кацунун сөзүнчө, акыркы жылдары жүргүзүлгөн реформанын натыйжасында, Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы финансы базарындагы күтүүсүз өзгөрүүлөргө бир кыйла ыңгайлашып калган. Бирок «Отун энергиясынын жана азык түлүктүн баасы кымбаттаганга байланыштуу күчтүү инфляциянын кысымы өсүүдө», -дейт Кацу. Ошон үчүн бул өлкөлөр эларалык финансы базарындагы кырдаалды астейдил байкап турушу абзел.

1998-2006-жылдары аталган региондо жан башына өндүрүлгөн киреше 3 миң долларга өсүп, 8600 долларга жеткен. Натыйжада, 50 миллион адам кедейлик менен кош айтышкан. Бул региондо азыр 460 миллион эл жашайт.

АКШда башталган ипотека кризисинин айынан Румыния, Украина жана Мажарстанда экономика жай өсө баштаган. Ал эми Хорватия, Казакстан, Польша, Чехияда өсүш басаңдайт деп күтүлүүдө. Дүйнөлүк банктын аймак боюнча башкы экономисти Прадип Митранын пикиринче, береги региондун өкмөттөрү фискалдык тартипти бекемдеп, банктарды текшерүүнү күчөтүп, тышкы капиталды коргоону жакшыртуусу зарыл. Бул инфляциянын соккусун жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт. Анткени, региондо азык-түлүк менен отун энергиясынын баасы токтобой өсүүдө. Кымбатчылык элдин жарды катмарын жардан ылдый түртүшү мүмкүн, дейт Митра:

-Айрым эсептөөлөрдүн натыйжасында азык-түлүктүн баасы 5 процентке өссө, айрым кирешеси төмөн КМШ өлкөлөрүндөгү кедейчилик 2 проценттен 3 процентке чейин көбөйөт. 2-3 процент аз сан эмес.

Дүйнөлүк банктын аныктамасы боюнча, кирешеси төмөн КМШ өлкөлөрүнө Армения, Азербайжан, Грузия, Молдова, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Бул өлкөлөрдө акыркы бир жылда отун энергиясынын баасы 30 проценттен көпкө, дан азыктары кеминде 40-80 процентке кымбаттаган.

Борбор Азиянын жарды өлкөлөрүндө орточо ар бир үй-бүлө тапкан кирешесинин теңинен көбүн тамак-ашка жумшагандыктан, азык-түлүктүн кымбаттоосу алардын жашоосун дагы кыйындатары калетсиз.

Элдин колу жука катмарын андай оорчулуктан коргоо үчүн улуттук өкмөттөр социалдык жардамды көбөйтүүсү шарт, дейт Дүйнөлүк банктын адистери. Ошондой эле отун энергиясын үнөмдүү пайдаланууга өтүү сунуш кылынат.

Митранын айтымында, өкмөт, айрыкча, Улуттук банктар инфляцияны көңүл жаздымында тутуп, ошол эле учурда сооданы контролдоого умтулбаш керек. Сооданы контролдоо азык-түлүк тартыштыгын дагы күчөтүшү мүмкүн. Себеби сооданы катуу контролго алуу азык-түлүк тартыштыгын күчөтөөрү мурдакы кеңеш өкмөтүнүн тажрыбайсынан жакшы маалым.
XS
SM
MD
LG