Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

ООГАН КАБАРЧЫБЫЗДЫН САПАР КУРЖУНУНАН: ӨКМӨТКӨ ИШЕНИМ АЗ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Ооганстанда кол башчылардын бийлигинин чыңдалышы менен карапайым тургундар барган сайын келечегине кабатырлана башташты. «Эркин Европа-Азаттык» үналгысынын ооган кызматынын кабарчысы Жан Алекозай өткөн айда Кабулда жана аймактын чыгыш тарабында болуп кайтты. Анын сапары учурунда ага студенттер, жергиликтүү аткаминерлер менен ооган уруу өкүлдөрү атайын жолугуп, Ооганстандагы паракорчулук, коопсуздук жааттагы көйгөйлөр тууралуу ойлору менен бөлүшкөн.

Жан Алекозай Ооганстандын Жалалабат шаарында өткөн салттуу жаз майрамына - апельсиндин гүлдөшүнө арналган салтанатка катышкан. Он миңден ашык адам чогулган бул иш-чара аяктаган соң жүзгө чамалаган мектеп окуучулар жана студенттер Алекозайга келип, батыштан жана АКШдан Ооганстанга жардам катары жөнөтүлгөн акча каражаттарын айрым бийлик өкүлдөрү кымырып чөнтөгүнө салып коюп жатканын айтып даттанышкан. Бул көйгөй тууралуу батыштын өзү билер-билбесин сурашкан. «Азаттыктын» ооган кызматынын кабарчысы муну алардын аргасы калбай калгандыктан ушундай аракеттерге баргандыгын айтат.

Жан Алакозайдын билдиришинче ооган атуулдары аймакта отуздан ашыгыраак мамлекеттин куралдуу күчтөрү жайгашкандыктан коопсуздук абалы мыкты болуп, кол башчылардын бийлик системасынын жана жана жеке адамдардын өздүк куралчан топторун жоюу керек деп эсептешет. Жергиликтүү корбашчылардын кошуундары аймак тургундарынын коопсуздук жаатындагы башкы санаасы:

- Алар ошондой эле чыныгы демократияны өнүктүрүүгө үгүттөшү керек деп белгишет. Бул үчүн иштөө керек. Адамдар кол башчылардан корккондуктан эч нерсе айта албайт. Биз эл аралык радиобуз. Биз анча-мынча нерселерди жасап жатабыз. Бирок биздин кабарчылар да корккондуктан аскер башчыларына каршы айта алышпайт, алар абдан кубаттуу.

Ооган коомчулугунун пикиринде, аймакта аскер башчыларынын күчтөнүшүнө биринчи кезекте эл аралык коомчулук, анын ичинде айрыкча АКШ өкмөтү жооптуу, дейт кабарчыбыз:

- Алар “эмне үчүн Америка бийликке аскер башчыларын алып келди, бийликке келген төбөлдөр аскер башчылары болгондугун билишкен да”, деп айтып жатышат. Алар аскер башчылары деп сизге өлкө вице-президенттен тартып министрлер, алардын орун басарларынан өйдө санап беришет. Белгилүү аскер башчылары парламентте да бар. Аскер башчылары акчаны чөнтөктөрүнө гана жыйнап, ооган коомчулугу үчүн дээрлик эч нерсе жасабай жатканын айтышты.

Алекозайдын айтымында, ооган тургундары эл аралык коомчулук аскер башчыларын бийликтен четтетиши керектигин, алар аскер башчыларын кубаттуу деп ойлогону менен коомчулук тарабынан колдоого ээ эместигин белгилешет. Ушундан улам аларды кызматтан алып башка аскер башчылары менен байланышпаган башка адамдарды коюу жеңил экенин, бул элдерге жаккан чыныгы демократияга жатаарын билдиришкен.

Жан Алекозай ооган тургундарынан бул аймакта жүргөн АКШнын же коалициялык күчтөрдүн кетиши керек деп укпаганын, ал түгүл дин кызматкерлери деле жана уруу өкүлдөрүнүн мамилеси жалпысынан дурус экенин байкаган. Бир гана талибдерге тилектеш адамдар жактырбай тургандыктарын жашырышкан эмес. Карапайым тургундардын эл аралык коомчулук жардамына муктаждыгын айтышкан.

Дагы бир чоң маселе жергиликтүү тургундар ооган өкмөтүнө ишеним артышпайт.

Ооганстанда эл аралык бейөкмөт уюмдар жана чет өлкөлүк аскерлер түзгөн Аймактык кайра калыбына келтирүүчү топтор иштейт. Бул топтордун иши жалпысынан байсалдуу болуп жатканын белгилешет:

-Аларга ишеним бар. Анткени чет өлкөлүктөр азырынча коррупцияга баткан эмес деп ойлошот. Алар негизинен бейөкмөт уюмдарды жактыра беришпейт. Ал эми ооган өкмөтүнө таптакыр ишеним артпай тургандыгын бөркүңүздөй көрүңүз.

Ооганстанда Аймакты кайра калыбына келтирүүчү топ жолдорду, мектептерди курууга көмөктөшүп, дагы башка жардамдарды көрсөтөт деп карапайым оогандар аларга ишеним артып турат. Аймактын чыгыш тарабында эл аралык коомчулуктун колдоосу менен мектептер курулуп жаткан мугалимдер жетишсиз:

- Отургучтар жок, окуучулар жерге отуруп билим алышат. Жарык, суу, китептер жана башка окуу куралдары да жок. Ушундай шартта билим берүүнүн сапаты кайсы дейсиң?

Эл аралык маалымат каражаттары ооган аялдарынын укугу жана эркиндиги талиптердин бийлиги кулагандан бери жакшырганын айтышат. Бирок аймактарда аялдардын жарандык коомдун иш-чараларына дээрлик аралашпайт.

- Кыздар мектептерге барышат. Мында шек жок. Бирок алар маселен паркка бара алышпайт, жада калса үйбүлөсү менен да чогуу гүлбакчада сейилдей алышпайт.

Жан Алакозай бул айтылгандарды демократиянын жана эркиндиктин колдоо үчүн иштер азырынча жетишерлик жасала электиги менен түшүндүрөт. Анан калса эски ооган менталитети жана талиптердин таасири дале болсо күчтүү.

Кабарчыбыз ар кыл коомдук топтордун өкүлдөрү менен баарлашып, 2004-жылдан бери Хамид Карзайды жактагандар азайганын белгилейт. 2009-жылы кайра шайланары ыктымал болгон Карзайдын бедели төмөндөгөнү байкалып, ушундан улам кийинки жылкы шайлоодо добуштардын 20-25 гана пайызын алышы мүмкүндүгүн айтат:

- 20 пайыз алуу деле ал үчүн кыйын болот, анткени эл жаңы өлкө башчысына, жаңы өкмөткө муктаж.

Жан Алекозай менен баарлашкан карапайым оогандардын бир даары аскер башчыларынын үстөмдүгүнө туруштук бере алган президенттикке талапкерлердин арасында мурунку ооган ички иштер министри Али Ахмед Жалалини көрүшөөрүн айтышкан.

XS
SM
MD
LG