Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:10

ТУНУК ҮНДҮҮ ЫРЧЫ ЭЛЕ


“Талант тагдыры” түрмөгүнүн жаңы саны кыргыздын профессионал ырчыларынын ичинен алгачкылардан Чайковский атындагы Москва консерваториясынын аваздык-вокалдык ырдоо классын бүтүргөн жогорку билимдүү опера ырчысы, Республиканын эл артисти Сейдакмат Токтоналиевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына жана жаркын элесине арналды.

Сейдакмат Токтоналиев “күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дегендей өз мезгилинде көрармандар менен угармандардын терең урматтоолоруна ээ болгон лирика драмалык тенор үндөгү опера ырчысы, эл артисти эле. Ал кыргыздын профессионалдык ырчыларынын ичинен алгачкылардан Чайковский атындагы Москва консерваториясынын аваздык классын бүтүргөн жогорку билимдүү ырчылардын биринен болчу.

Сейдакмат 1952-жылдан ардактуу эс алууга чыкканга 1996-жылга чейин А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында ырчы болуп иштейт. Ал ырчылык чыгармачылыгынын башатын обончулардын, композиторлордун ар кандай жанрдагы патриоттук, лирикалык ырларын концерттерде ырдоодон баштайт.

Анын калк алдына биринчилерден ырдап чыккан ырларынын бири композитор Мукаш Абдраевдин бозуландын студенткага болгон тунук сүйүүсүн баяндаган “Студенткага” аттуу ашыктык ыры болот. Ал студенттик турмушка арналган алгачкы эстөө ырын ушунчалык берилүү, ушунчалык жалбыртай бүтүндөй жан дүйнөсүн таштап коюп аткарат. Бул ыр эл алдында жарым кылымдан ашык мезгилден бери ырдалып келатса да, бүгүнкү күнгө чейин бир дагы ырчы Сейдакматтай чеберчиликте, тереңдикте ырдап чыга элек. Ал турсун ырдоого аракеттенген тигил, же бул ырчыны көрө да, уга да элекпиз.

“Студенткага”

Сөзү К.Акаевдики. Обону М.Абдраевдики

Эстеп, эстеп эртели кеч өзүңдү,
Элестетем көргүм келет көзүңдү
Уюп, уюп кызыгыңа берилип,
Уксам деймин балдан ширин сөзүңдү.

Эрте турам, жели согот бир кезек.
Ээликтирет от жүрөктү терметет.
Көз алдыма сүрөт сындуу тартылуу,
Көз карашың күлө карап эркелеп.

Күндөр сызып, айлар өтүп баратат,
Күндө жаңы, күндө жарык таң атат.
Окууң окуп, көптү билип эл менен,
Ойноп, күлүп жүрсөң болду саламат.

Учат күндөр, учкан сайын санаймын.
Улам-улам сүрөтүңдү караймын.
Жыл айланып, жылдар жылып өтсө да,
Жүрөктөшүм, жүрөктөсүң ар дайым.


Маркум Сейдакмат студент кезинен азыркыдай композиторлордун ырларын, романстарын, арияларын ырдап аткаруучулук чеберчилигин жетилтет.

- Токо (Токтонаалы), Сейдакмат агайың менен бир топ жыл театрда бирге иштешип, кыргыз жана дүйнөлүк ысымдагы композиторлордун операларындагы башкы ролдорду ойноп, таалим тарбия алып жүрдүңбү?

-Cейдакмат агай аткарган ролдорду аткардым. Алгач агай аткарган ролдорду ал ырдап жатканда кошо ичимен ырдоочумун. Сейдакмат агай театрда солист болуп иштеп жүргөндө хордун ырчысы элем. Ал сахнада ырдап жатканда ушундай ырдасам деп аябай суктанчу элем. Агай А.Малдыбаев, В.Власов, В.Ференин “Манасынан” Сыргактын, “Айчүрөгүнөн” Күлчоронун ж.б. спекталдерден ролдорду аткарган эле. Ал эми орус операларынан композитор П.Чайковскийдин “Евгений Онегининен” Ленскийдин, Рахманиновдун “Алеско” операсынан жаш цыгандын ж.б. классикалык ролдорду аткарды. Аларды ушунчалык берилип, эргип ырдоочу. Үнү ушунчалык тунук эле.

- Токтонаалы мырза, Сейдакмат агайдын өзүң айткандай опералардагы ролдорду аткаруу менен бирге кыргыз композиторлорунун да ондогон ырларын, романстарын алгачкылардан эл алдына ырдап чыгып, ыр дүйнөсүнөн багын ачканын да жакшы билесиң. Агайдын ырчылык чеберчилиги кандай эле?

-Агай өтө татынакай маданияттуу киши эле. Кыргыз композиторлорунан Мукаш Абдраевдин “Жалыныңа күйгөмүн”, “Студенткага”, Сейдалы Медетбековдун “Чабандын ыры” аттуу ырларын ийине жеткире аткаруучу. Ошондо Акмат Аманбаевдин, Насыр Давлесовдун ырларын биринчилерден ырдап, калктын кастарлоосуна алынган эле.

“Айнаш”

Сөзү Б.Сарногоевдики. Обону Н.Давлесовдуку

Сен да бир а сүйдүң Айнашты, Айнашты,
Мен да бир а сүйдүм Айнашты, Айнашты.
Экөөбүз аз, экөөбүз аз келгенсип,
Дагы бирөө, дагы бирөө, дагы бирөө жармашты.


Кайырма:

Жалбарынып жалынып,
Эчен катты сен жаздың
Э Айнаш, Айнаш,
Айнаш ой, Айнаш ой,
Айна, Айна, Айна, Айна,
Кайда? Кайда? Кайда?
Айнаш ой, Айнаш ой.

Бирок эле сулуу биздерди, биздерди,
Сүйөмүн (а) деп да айтпады, айтпады
Же болбосо, же болбосо таптакыр
Сүйөмүн деп, сүйөмүн деп
Сүйбөймүн деп, сүйбөймүн деп какпады.

Ачык жообун алалбай,
Арман кылып биз жүрдүк
Кээде сени деп коюп
Кээде терең үшкүрдүк.


-Токо, эмне үчүн А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын жетекчилери, жамааты театрдын түбүн түптөшкөн айтылуу шайырлардын туулган күндөрүнүн 70, 80, 90, 100 жылдыктарына арналган эскерүү кечелерин өткөрүүнү салтка айлантпай келишүүдө. Көркөм кеңештин мүчөсү катары өз оюңду айтсаң?

- Бул сурооңуз өз учурунда берилген суроо болду. Эл артисттери Кыдырбек Чодронов, Артык Мырзаевдин чыгармачылыктарына, жаркын элестерине арнап бала-чакасын, кесиптештерин чакырып, эскерүү кечелерин өткөрүп турсак жакшы болмок. Аларды такыр унутуп калдык. Кийин мен да ушундай болот турбаймбы деген ой пайда болууда. Театрдын директорлору дайыма которулуп атат. Ошондой болсо да бул маселе эртедир-кечтир көтөрүлөт деп ойлойм, - дейт СССРдин эл артисти Токтонаалы Сейталиев.

Маркум Сейдакматтын ырчылык жаркын шыгы 1957-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин 6-фестивалында айдан ачык көрүнөт. Ал дүйнөлүк жаш шайырлар менен ат салышат. Кыргыз композиторлорунун ырларын, романстарын ийне жеткире аткарып, төшүнө алтын медаль тагынып, лауреат болот.

Сейдакмат театрга качан жаңы оюн коюлат деп “алма быш оозума түш” дебестен, такай чыгармачылык изденүүнүн, өздүк репертуарын байытуунун сапарында болот. Токтоналиевдин ырчылык чыгармачылыгы ашып-ташып турган кезинде жумурай журтка ырчы Гүлчахра Валиулина менен композитор Насыр Давлесовдун акын Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазган “Саанчы жеңе” аттуу дуэтин аткарып, өлбөс өмүр жаратып, профессионалдык ыр жанрынын алтын казынасына калтырды.

“Саанчы жеңе”

Сөзү А.Осмоновдуку. Обону Н.Давлесовдуку

-Сүттөй бир сүйкүм сүзүлгөн жеңе,
Көркүнө көзүм түшүргөн жеңе,
Ак алма мисал жүзүңдөн жеңе,
Ак куудай айбат түзүңдөн жеңе.

Алкымың алды бүчүңдөн жеңе,
Албырткан жанды күчүңдөн жеңе,
Түндө бир көргөн түшүңдөн жеңе,
Саатта саанын бүтүргөн жеңе.

Чачпагың учу шырп этет жеңе,
Шырп этсе жүрөк зырп этет жеңе,
Зырп эткен жүрөк шааниңен жеңе,
Эртелеп сааган сааныңдан жеңе.


Тунук үндүү, орто бойлуу, ар дайым жадырап жайнап жүргөн, тамашакөй ыр менен жашаган, ыр менен агарып-көгөргөн Сейдакмат Токтоналиев тирүү болгондо жакында 80 жашка чыкмак. Аттиңай, көрсө шум жалгандан эч ким качып кутула албайт тура. Өпкөлөп өкүнсөк да ырдап кеткен ырларына, үнүнүн өчпөй эли менен бирге жашап жатканына Кудайга тобо дейли.
XS
SM
MD
LG