Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Айгүл Жунушалиева, Бишкек 11-апрелде Бишкекте “Чийген таш” аттуу көргөзмө өттү. Анда сүрөтчү Кожон Дарбановдун эмгектери эл сынына коюлду. Ал тогуз жылдан бери Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы ар кыл жазуу-чиймелер чегерилген байыркы доордон бери сакталып калган таштар жайгашкан жерде жашайт. Кожон Дарбанов жана көргөзмөнүн уюштуруучусу айкелчи Равшан Маматкулов бул иш-чара тууралуу “Азаттыкка” маек куруп беришкен.

-Кожон мырза, алгач ушул көргөзмө тууралуу айтып берсеңиз?

-Мен алгач Чийген таш тууралуу айтсам. Бул керемет жайдагы таштарды көптөр билбейт. Мисалы Ысыккөлдөгү Саймалуу-таш тууралуу көптөр уккан, бирок Чийген-таш андан мурда пайда болгонуна карабстан, коомчулукка анча белгилүү эмес. Окумуштуулар дээрлик изилдешкен дагы эмес. Совет доорунда Орусиядан окумуштуулар келип ушул таштарды изилдешип, алардын эң байыркы тарыхы бар экенин айтышкан. Таштар биздин доорго чейинки төртүнчү кылымда пайда болгон. Мындай таштар Сузак жергесинен тышкары Энесайда, Акталаада, Тибетте гана бар экен.









-Ал таштарда эмнелер чагылдырылган?

-Таштардагы оюу-чиймелер, айталы Саймалуу-таштагыдан кыйла айырмаланып турат. Анда негизинен көчмөн калктын образы чагылдырылган. Тиричилик жасап жаткан адамдардын, мергенчилердин, жан-жаныбарлардын сүрөттөрү, ар кыл жазмалар кезигет. Байыркы адамдар сүрөттөрдү мүмкүн болушунча реалдуу кылууга аракеттенишкендей.



Равшан Маматкулов

-Равшан мырза, мына сиз ушул көргөзмөнү уюштуруп жаткан экенсиз. Максаты эмнеде?

-Көргөзмөнүн максаты - кыргыз элинин байлыгы болгон Чийген-таш жөнүндө Кожон мырза тарткан сүрөттөр аркылуу калкка маалымат берүү. Эл ушундай керемет жер бар экенин билсе деп атабыз. Бул көргөзмөдө менин колуман жаралган айкелдер коюлат, бирок негизинен Кожон Дарбановдун эмгектери көргөзүлөт. Бул киши он тогуз жылдан бери Чийген-Таштын жанында жашап, 70тен ашык эмгектерди жараткан. Анан да окумуштуулар ал таштарды изилдесе жакшы болоор эле. Анткени аларда көптөгөн сырлар жатат. Буга чейин көп жолу ушул маселе менен бийликке кайрылганбыз бирок үнүбүз угулбады.





XS
SM
MD
LG