Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:29

12:40 Т.Сариев: “Экономикадагы башкы оору-коррупция”


Курултайда Темир Сариев өлкөнүн экономикалык абалына арналган доклад жасап, экономикадагы башкы оору-коррупция, жумушсуздук, баанын өсүшүнө тоскоолдуктун жоктугу жана мыйзамсыздык деп билдирди. Көмүскө экономика ички дүң продукциянын 50-60%ин ээлеп калды жана мамлекеттин бюджеттин 30%ы уурдалып жатат деп белгиледи. Майда чарбалардын өндүрүшүн колдоо жок, адам укуктарын коргоо камсыздалбаган деп, мындай экономикалык саясатты жоюу үчүн алдыдагы 3 жыл ичинде ички дүң продукциянын көлөмүн 2 эсеге көбөйтүү, азык-түлүк баасын ооздуктап, инфляциянын көлөмүн 5%тен ашырбоо, бюджеттик каражатты пайдаланууга коомдук көзөмөлдү күчөтүү зарыл деп билдирди. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG