Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:00

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕГАРА КЕЛИШИМИ “АК ЖОЛДУН” КҮЧҮ МЕНЕН БЕКИДИ


Кыргызстан картасы
Кыргызстан картасы

Жогорку Кеңеш “Чегаралар жөнүндөгү” 2001-жылдын 15-январында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Астана келишимин бекитти. Ошентип Кыргызстан чегаралаш төрт мамлекеттин ичинен Кытайдан кийинки экинчи мамлекет менен чегара сызыгынын юридикалык жагын тактап бүттү. Ал эми аталган келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деп келаткан коомчулук өкүлдөрү ага макулдук берген парламентти сындап жатышат.

Кыргыз бийлиги эки өлкө чегарасын Кыргызстан менен чектешкен Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн ичинен дээрлик талаш-тартышсыз чечилген чегара катары белгилеп келатат. Өкмөттүн регионалдык өнүгүү боюнча бөлүмүнүн башчысы, чегаралар боюнча жумушчу топтун башчысы Саламат Аламанов 2001-жылдагы келишимге жеткирген чегара сызыктары 30-жылдан берки тарыхый документтердин негизинде такталды:

- Биздин сүйлөшүүлөрдөгү нормативдик база 1930-жылкы бүткүл россиялык борбордук аткаруу комитетинин Казак жана Кыргыз АССРлеринин чегаралары жөнүндөгү токтом болду. Жардамчы материал катары 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун Кыргыз ССРинин чегаралары жөнүндө деген указ.

Аламановдун айтымында, чегараны тактоодо 15 аймакта айырма чыгып, алар өз ара сүйлөшүүлөрдүн негизинде макулдашылган. Алардын ичинен айрыкча Ысыккөл, Чүйдөгү Достук, Таластагы “Достук” аймактары жана Ысыккөлдөгү Каркыра жайлоосу кыргыз саясатчылардын тынчын алган маселе болуп келген. Дал ушул маселелер 2001-жылдан бери парламенттин мурдагы чакырылышынын келишимди ратификациялоодон баш тартышына негиз болгон.
2005-жылы элдик ыңкылап аркылуу келген жаңы бийлик болсо бул маселеге жаңы парламент шайлангандан кийин кайрылып отурат. Анын үстүнө бул маселени жаңы парламент келишимди президент Курманбек Бакиев Астанага расмий сапарга барар алдында апрелдин күн тартибине кезексиз алып чыкты. Маселенин ушундай учурга туш келиши айрым саясатчылар тарабынан президенттин экономикалык жактан кубаттуу Казакстанга жүзү жарык барышына көрүлгөн камылга катары баалашты.

Келишим тактоолорго муктаж деп эсептеген бир топ депутаттар чегарага байланышкан бул маселени саясий куралга айландыруу пайда алып келбестигин эскертишти. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Роза Отунбаева ушундай оюн ачыктагандардын бири болду:

- Эч качан шашпашыбыз керек. Эч качан мындай маселелерди визиттергедаярдабашыбыз керек. Мындай маселелер сөзсүз өз орду менен чечилиш керек.

Буга чейин көп ирет айтылып келаткан мындай дооматты талкуу учурунда Адахан Мадумаров төгүндөө аракетин жасады:

- Визитке байланыштуу президенттин позициясын айтып коеюн. Ал киши өзү суранган, менин расмий сапарыма ал маселени аралаштырбагыла деп. Бирок, кечээ комитеттин төрагалары, фракция жетекчилери менен отурганда “Ак жол” фракциясынын жетекчиси Ибраимова, Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов, комитет төрагалары кайра-кайра, бул күн тартибинде жок, кайра-кайра суранып отуруп добуш берип отуруп, 12 киши добуш берип, бул күн тартибине киргизилип отурат. Муну администрация да сураган жок, президент да сураган жок, мен да сураган жокмун. Мына ушул жерде отурган коллегаларыбыз суранып, муну тездетип карап беришибиз керек деген маселени койгон. Мен тарых үчүн, стенограмма үчүн ушуну баса белгилеп айтып коеюн.

Анткен менен, сессиянын жүрүшүндө Мадумаров мисалга тарткан Социал-демократтар фракциясы да (Бакыт Бешимов сапрад жүргөндүгүнө байланыштуу сессияга катышкан жок), Коммунисттер фракциясы да келишимдин шашылыш кабыл алынышына каршылык билдиришти. Маселен, Ак жол фракциясынын мүчөсү Зайнидин Курмановго каяша кылган СДП мүчөсү Жусупжан Жээнбеков буларды белгиледи:

- Бүгүн чечип коелу дейт. Келечектеги муундарды капаска түшүргөндөй кылып чечип коелубу бары-жогун кыскартып-кыскартып берип туруп. Андай болсо, коркок болсок тажиктерге берели, Өзбекстанга берели жерлерди, баарын берели дагы мамлекети жок көп элдердин катарында биз дагы сайрандап, Алтайды көздөй Енесайды көздөп жөнөйлүк... Бул маселе чийкирээк. Ошондуктан жакшылап, дагы бир сыйра карайлы, ар бир точканы. Мына Жалалабад облусунда 22 чекит бар. Пионер лагерди жөн эле келип ээлеп алган, армиясын, гвардиясын киргизип койгон ал жерге. Ошондой жерлер Барпыда, Кемпирабаддын үстүндө бар. Мына Сузак районуна караштуу Бегабадда атасы менен баласынын үйүнүн ортосунда тикенек зым тартылып турат. Атасы өтүп кетсе баласы тикенек зым аркылуу ысык тамак тартып атат.

Зайнидин Курманов Кыргызстандын чегарасы жок деди. Ошон үчүн ал бүтүн, толук кандуу мамлекет деген деңгээлге жете албай жатат деп, муну мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогондордун аз болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү :

- Урматтуу кесиптештер, бизде бир белги (чегара маанисинде – авт.) жок мына. Бул деген жарым мамлекет макамы дегенди билдирип атат. Ошону ойлобойсуңарбы? Мамлекетти түзөбүзбү же жөн эле отура беребизби? Дагы жыйырма жыл отурсак баарынан ажырайбыз. Ошон үчүн Мигранян Кыргызстанды эки мамлекет бөлүп алат деп айтып атпайбы...

Ошентип келишимди “Ак жол” фракциясына кирген көпчүлүк 66 добуш менен кабыл алды. Анткен менен, фракциянын ичинде өз көз карашын сактап калгандар да болду. Алардын бири Динара Молдошева келишимге кошумча сунуш киргизди:

- Фракция чечкенден кийин, албетте, бир добуш эч нерсе чечпейт. Ошондой болсо да Таластагы Көксай, Чүйдөгү Дружба аймактары боюнча мыйзам долбооруна ратификациядан кийин карай турган сунуштарды киргизишибиз керек.

Келишимге сунуштарды кошумча тиркөө көп депутаттар тарабынан сунушталды. Бирок, добуш берүүгө келгенде бул маселени эч ким козгогон жок. Саламат Аламановдун мыйзам кабыл алынгандан кийин айтканына караганда, Кыргызстан тарапты канагаттандырбай калган аймактарды кайра кароо боюнча сунуштар экинчи тарап макул болгон шартта гана кайра каралышы мүмкүн:

- Сунуш болгондон кийин биз милдеттүү түрдө карайбыз. Келишим кабылалынгандан кийин ал күчүнө кириши керек. Мамлекеттик чегара дегенден кийин анан бизде момундай маселелер бар деп сунуш киргизип кошуна жакка, караса болуш керек. Эгер каршы тарап макул болсо.

Ошол эле мезгилде байкоочулар келишимге кошумчаларды киргизүү жөнүндөгү сунушту суу кечпеген демилге катары баалап жатышат. Саясат таануучу Нур Омаров муну упай топтоонун бир ыкмасы дейт:

- Бул жөн эле саясий упай топтоо аракети. Эл аралык тажрыйбага ылайык келишим кабыл алынып атканда эч кандай сунуштар эске алынбайт.

Нур Омаров Чегара жөнүндөгү келишимдин ратификацияланышын улуттук кызыкчылыкка каршы кадам катары баалады:

- Бул улуттук кызыкчылыктарды сатуу деген болот. Анткени, биз келишим аркылуу кыйла пайдалуу үч аймакты кошуналарга берип коюп атабыз. Бул Кыргызстандын экономикалык, саясий абалына түздөн-түз таасир этет. Бул жерде биздин кыргыздын жерин жеңил-желпи эле башка колго берип жаткан президенттин да, депутаттардын да позициялары түшүнүксүз.

Нур Омаров кыргыз-казак чегарасы боюнча кыргыз тарапта ич күптү калышына ириде Аскар Акаев баштаган мурдагы бийликтин чийки иши себепкер. 90-жылдары дароо бир ыктай чече албаган мурдагы бийликтин бул катасын улантып, азыркы бийлик жоопкерчиликти өз мойнуна алды деп эсептейт талдоочу.

Келишимдин ратификацияланышына кызыкдар тарап эки өлкө ортосунда сегиз жыл мурда кабыл алынган келишимди бузуу Кыргызстанды чегара жаатында мындан да кыйын кырдаалга кирептер кылышы ыктымал дешет. “Ак жол” фракциясынын келишимге добуш берүүдө калыс калган депутаты Жангороз Каниметов тескерисинче, келишим азыркы турушунда келечекке тескери таасир этеби деп кооптонот:

- Токмоктун тушундагы 800 метр жермаселеси, анан Панфилов районундагы кыргыздын чегарасынан казактар өтөт экен, эми муну ( мурдагы бийлик) чечип койсо, алмашса болмок да. Ким айтат муну, ким кепил боло алат эртең проблема болбойт деп. Мына Өзбекстан менен кандай болуп атат? Биз казактар менен бир боор элбиз. Бирок бүгүн жаңы муун келатат, базар экономикасы келатат. Кыргызстандын ичинде соода жагынан ага-ининин көз карашы кандай экенин көрүп атабыз. А эртең кандай мезгил болот? Мына ушул маселелерди чечип, комиссия бир жаңсыл кылса болмок да.

Бийлик Үзөңгү Кууштан сабак албаганына өкүнгөн Коммунисттер фракциясынын депутаты Гүлжамал Султаналиева Кыргызстандын чегарага мындай көз жумду мамилеси Өзбекстан, Таждикстан менен чегараларды тактоодо тескери таасир этери айныксыз деп тынчсызданды:

-Мен Таласка да, Каркырага да, Чүйдөгү жол боюнча да барып келдим. Ошого барып келип, баарын салыштырып атып, ошол маселени кабыл алыш мага оор болду. Бардык эле депутаттар барган жок да. Түшүнүп-түшүнбөй добуш берип койгондор да болду да. Бул чынын айтканда “Ак жол” партиясынын саясий чечимине жараша болуп калды да.

Ошол эле мезгилде Парламенттин эл аралык байланыш комитетинин төрагасы, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Эрик Арсалиев кыргыз-казак чегарасындагы келишимдин кабыл алынышы, тескерисинче, эки өлкө ортосундагы достук мамиленин мындан да бекемделишин шарттайт деген ойдо. Анын оюнда ашкере саясатташып кеткенден улам келишим Кыргызс тараптан узак убакыт колдоо таппай келген:

- Менимче бул маселени илгертен эле чечип койсо болмок эле. Саясий маселеге өтүп кеткен да. Көлгө барганда эл айтпадыбы бүтүргүлө, чечип бергиле, биздин да кошуналар менен мамилебиз оңолуп калат, баягыдай болуп бири-бирибизди айдабай деп.

Анткен менен элдин көз карашы кыргыз-казак чегарасы боюнча бирдей деп айтууга болбойт. Буга ушул аптада келишимге каршы Түп районунда өткөн элдик жыйындын талаптары, жаш саясатчылардын, жаштар кыймылдарынын нааразылык акцияларга чыгышы далил. Бирок парламентте коомчулуктун нааразы бөлүгүнүн пикирлери эске алынган жок. Чүйдөгү жана Таластагы Кыргызстандын кызыкчылыгындагы жерди Казакстанга берилип жатат деп коңгуроо каккан жаштардын 52си кармалып, митинг өткөрүү тартибин бузду деп жаза тартышты.

Ошентип, Кыргызстан ратификациялаган келишимдин чегинде эки өлкө ортосунда маалымат алмашуу болгондон кийин мамлекеттик чегараны демаркациялоо иштери башталат. Кыргызстандын алдында эми Өзбекстан жана Тажикстан менен чегараларды тактоо милдети калды. Кыргызстан чегара маселесинде Казакстанга чегинип берди деп санаган саясатчылар бийликтин мындай позициясын өз чегараларын тактоодо Тажикстан менен Өзбекстан өз кызыкчылыгына сөзсүз пайдаланат деп жатышат. Байкоочулар чегаралары камыр-жумур болуп калган бул эки мамлекет менен такташуу Кытай жана Казакстан чегараларына салыштырмалуу алда канча машакатуу болорун болжошууда.

Бурулкан Сарыгулова , Бишкек.

XS
SM
MD
LG