Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ: ӨКМӨТ МЕНЕН ЖОГОРКУ КЕҢЕШ МЫЙЗАМДУУ ЭМЕС


Бүгүн “Акыйкат үчүн” коомдук кыймыл өткөргөн Элдик курултайда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/47D31EEB-C4AE-48DD-B65A-D3D4551D8D3B.ASP өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаалга баа берилип, азыркы бийликтин иш аракеттери сынга алынды. Жарыш сөзгө чыккандар өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун бурмаланып өткөнүнө, Жогорку Кеңештин кыргыз-казак чегарасы, Ысыккөлдөгү төрт пансионаттын ратификациялашына нааразылыгын билдиришти. Баанын кымбатташы, азык-түлүк коопсуздугу, энергетика тармагындагы көйгөйлөр, миграция маселеси көтөрүлдү.



Элдик курултайга катышуучулар эртең менен саат ондо Максим Горькийдин эстелигинин жанына чогулушуп, үн күчөткүч аппараттарды коюп, ар ким пикирин билдирүү үчүн эркин микрофон уюштурулуп, концерт тартууланар маалда Бишкек шаар башчысы Данияр Үсөнов келип атуулдардын сүйлөөсүнө, ырчылардын ырдоосуна тыйуу салды. Анын айтымында, «Акыйкат үчүн» кыймылы Горькийдин эстелигинин жанында пикир алышуу, концерт өткөрүүнү түзүлгөн келишимде көрсөткөн эмес.



«Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Болот Шерниязов Бишкек мэри шаардык кеңештин чечимин көзүнө албай өзү мыйзамды бузду деп эсептейт.



«Акыйкат үчүн» коомдук кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов саат он экиде Элдик курултайды ачты. Жыйынга чакырылыган бир жарым миң делегаттын 1474 катышып, 15 адамдан турган президиум шайланды.



«Кыргызстандын тарыхый тажрыйбасы-бүгүнкү абалы жана келечеги» темасында өткөн курултайда негизинен төрт маселе каралды. Алгы сөзгө чыккан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына талдоо жүргүзүп,алардын кетирип жаткан каталарына, мыйзамдуулуктун сакталбай жатканына токтолду. Анын айтымында, мамлекеттин башкы байлыгы болгон энергетика тармагы менен кен байлыктарын менчиктештирүү бир гана адамдын кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат.



-Өткөн үч жылдын ичинде бийлик убакытты текке кетирди жана мамлекеттик саясаттын башкы таянычы болгон элдин мамлекетке жана анын атка минерлерине болгон ишеничинен таптакыр кол жууду,-деп баса белгиледи Өмүрбек Текебаев.



Өмүрбек Текебаев Элдик курултай мыйзамдуу түрдө ишке киришкенин белгилеп, азыркы өкмөт менен Жогорку Кеңеш легитимдүү эмес деп сөзүн бүтүрдү.




Ал эми аталган кыймылдын координатору Темир Сариев өлкөдөгү экономикалык абалга сереп салып, элдин тагдырына балта чаап жаткан негизги үч маселеге токтолду. Анын баамында экономиканы артка тартып кедерги болуп жаткан негизги терс көрүнүнүш бул-коррупция, жумушсуздук жана мыйзамдуулуктун сакталбашы. Ал азыркы түзүлгөн экономикалык оор кырдаалдан чыгуунун жолдоруна учкай токтоло кетти.

«Ар намыс» партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору Бөдөш Мамырова өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо мыйзамдын одоно бузулганынан жана БШКнын мыйзамсыз аракеттерин улам Жогорку Кеңешти легитимсиз деп эсептеди. Ал ошондой эле түштүк аймагындагы атуулдардын турмуш-шарты кийинки эки-үч жыл аралыгында өтө эле начарлап кеткенине да токтолду.



Коомдук парламенттин спикери Абдыганы Эркебаев конституциялык реформа, мыйзамдуулук боюнча докладында март ыңкылабынан кийин эч кандай өзгөрүү болбогонун, тескерисинче бийлик бир адамдын колуна топтолгонун белгиледи.

-Бийлик азыр башынан тартып төмөнгө чейин, айыл өкмөтүнө чейин бир колго, бир кишинин колуна өттү. Аскар Акаевдин учурундагыдан да өтүп кетти.

«Мен ишенбейм» кыймылынын мүчөсү Наргиза Абдылдаева азыркы кырдаалга пикирин эркин билдирген жаштарга бийлик тарабынан кысым болуп жатканына токтолуп, жаштардын келечеги жабык эшик артында чечилип жатканын белгиледи. Ал оппозицияны биригүүгө чакырып, жалпы элдик курултай жөнүндө мыйзам кабыл алынып, анын жоболорун иштеп чыгууну, курултайдын чечимдерин ишке ашырууну сунуштады.



Аймактардан келип курултайда жарыш сөзгө чыккан делегаттар элдин ынтымактуулугуна, мамлекеттин бүтүмдүүлүгүнө чакырык таштап, азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын сынга алышып, системаны өзгөртүү зарылдыгы келип чыкканын белгилешти. Баш мыйзам менен Шайлоо Кодекси мыйзамсыз деп табылып Конституциялык реформа жүргүзүлсүн, парламент таркатылып, алар алган чечимдер жокко чыгарылсын деген пикирлер айтылды. Жерлерди жана энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы болушуп, коюлган талаптар аткарылбаса нааразылык акциясына чыгабыз дегендер да болду.

Элдик курултайдын соңунда резолюция кабыл алынып, курултайдын жыйынтыгы жөнүндө эл арасына маалымат таркатыла турган болду.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев болсо азыркы бийлик үч жыл аралыгында саясий-экономикалык бир катар жүйөлүү маселелерди чечип, ишке ашырып жатканын белгиледи. Анын баамында мыйзамга ылайык Элдик курултайдын өткөрүлүшү жөндүү, бирок оппозиция курулай эле сын айта берүүнүн ордуна, жөндүү сунуштарды бийликке жолдосо жакшы болот эле.

-Оппозиция сын айтуунун ордуна, конкреттүү орундуу сунуштарды айтса бир жөн. Бийликтин бүгүнкү аракети экономиканы көтөрүү, дүйнөдө болуп жаткан экономикалык кризистин Кыргызстанга тийгизген терс таасирин азайтуу болуп жатат, -деди Досалы Эсеналиев.

XS
SM
MD
LG