Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

11:05 А.Жекшенкулов: “Курултай бийликке элдин мүдөөсүн сунуштады, аны ишке ашыруу эми бийликтин милдети”


Кыргызстандын Конституциясынын 23-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөндөй курултай элдин оюнда турган мүдөөлөрдү тактап, аларды жок кылууну бийликке сунуштады. Эми аны бийлик ишке ашырууга милдеттүү, себеби, ал механизмдердин баары мыйзамдарда жазылган деп, курултай өткөрүүгө демилгечи болгон “Акыйкат үчүн!” кыймылынын төрагасы А.Жекшенкулов "Азаттык" үналгысына билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда саясий маданияттын деңгээли менен бийликтин жоопкерчилиги төмөн, бирок, элдин талабы андан жогору болуш керек. Ушундан улам оппозиция элди көчөгө алып чыгып, мурдагыдай бийлик кетсин деген талап койбой, системаны өзгөртүүнүн цивилизациялуу жолун сунуштады.(BD)

XS
SM
MD
LG