Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Быйылкы жылы дыйкандар кант кызылчасын айдашкан жок. Буга Кыргызстандагы бирин-экин кант заводдорунун туруктуу иштебегени себеп болууда. Айрым адистердин айтуусунда бул канттын баасынын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/1F691054-49EF-4E34-87DD-1ED4925AC368.asp кымбат болушуна алып келет. Ар жекшемби сайын обого чыгуучу “Адам жана базар” аттуу экономикалык түрмөктүн бул жолку чыгарылышы мына ушул маселеге арналды.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча өткөн жылы Кыргызстанда 9 миң гектарга жакын жерге кант кызылчасы айдалган. Бул мурдагы жылга караганда дээрлик тең жарымына аз. Жыл өткөн сайын кант кызылчасы арзан сатылып жаткандыктан дыйкандар эгиндин бул түрүн аз айдап калышканы белгилүү.

Кыргызстанда кант кызылчасын иштеткен заводдор да саналуу гана. Бул тармакта монополист ишкана катары эсептелген Кайыңды кант заводунан башка Кошой кант заводу жана Аксуудагы жүгөрүнү кайра иштетүүчү заводдун бир цехи кант кызылчасын иштетүүчү.

Кант кызылчасы арбын өндүрүлгөн Чүй облусунун дыйкандары негизинен “Кайыңды” кант заводу менен алдын ала келишим түзүп, анын негизинде кызылчасын сатып келишкени белгилүү. Аталган кант заводу банкротко учурап, жабылып калуу коркунучунда турганы өткөн жылы эле айтылып, кызылчачылардын чочулоосун жараткан. Анткени арзан баада алса да, завод дыйкандардын жайды жайлай мээнет кылып алган түшүмүн сатып алуучу бирден-бир ишкана болчу.



“Мээнетти актабаган соң, айдагандан пайда жок”

Быйылкы жылы болсо дыйкандар кант кызылчасын айдоодон баш тартышууда. Бул тууралуу Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов маалымдаган. Анын айтуусунда кант кызылчасынын айдалбай калышына анын баасынын өтө арзан болуп жаткандыгы жана кант кызылчасын иштеткен заводдордун иши токтоп калганы да себеп болуп жатат. Жылыга кант кызылчасын айдап келген дыйкандар быйылкы жылы айдоо жерине эмне эгин айдоону билбей турушат.

Ысыката районунун Нурманбет айлынын тургундары негизинен кант кызылчасын айдап келишкен. Быйыл болсо 2-3% аянтка гана кант кызылчасы отургузулганы турат, дешет дыйкандар. “Нурбер” кооперативинин жетекчиси Нуржан Рысбаеванын айтуусунда кооператив 49 гектар жер иштетет, кооперативге чогулган дыйкандар толугу менен кант кызылчасын айдоодон баш тартышты:

-Күндөн-күнгө кыйындап баратат. Былтыр баарына кызылча айдаганбыз. Быйыл бир сотых да айдалбайт го. “Кайыңды” кант заводу өз билген баасын коюп, баткагына көп чыгарып, таразадан жегени, канттуулукту азайтканы, айтор дыйкандардын мээнетин көп жеп коюп атат. Экинчиден техника аз, күйүүчү май кымбат. Жумшаган мээнет менен сарптаган каражатты актабай калды кызылча. 2003-жылы 1000 гектардан ашуун айдаган элек, жалпы айыл өкмөттө. Өткөн жылы 200 гектар айдалган. Быйыл болсо 50 гектарга да жетеби жокпу, белгисиз...

Бир гектар аянтты айдап, малалап, кызылча себүү үчүн 45 литр май керектелет. Бул 1300 сом турат. Ошондой эле трактор кызматынын акысы да 1300 сомго барабар. Кант кызыласын жети-сегиз жолу сугарып, үч-төрт ирет отоодон тышкары техникалык иштерди да жүргүзүү зарыл. Он жылдан бери дыйканчылык менен алектенген Сулайман Исаковдун айтуусунда кызылча эмгекти көп талап кылат:

-Элдин 60-70% кызылча айдачу. Эми эч ким айдабай калды. Бир-экөө гана айдашы мүмкүн. Анткени чыгаша көп. Баары кымбаттады. Үй-бүлөң менен жетишпейсиң, жардамга киши иштетсең, анын акысын төлөп беришиң керек. Анан актабай эле, куржалак калып жатпайбызбы.. Өткөн жылы айдагам. Гектарынан 5-6 миң сом түштү. Бул сарптаган акчаны жаба алган жок. Өкмөт баасын жакшылап коюп берсе айдамакпыз, биздин көнүп калган ишибиз да.

Ошентсе да эл ичинде кант кызылчасын эккендер жок эмес. Беш жылдан бери жер иштетип келе жаткан Азамат Сартов бир гектар кызылча айдаган:

-Дыйканчылык кыйын болуп жатат, ачыгын айтсак. Күйүүчү май, үрөн жана башка кымбат. Бирок ага болбой жер бош калбасын деп, акырындык менен иштетип атабыз. Жакшы болбосо дагы дыйканчылык кылымыш этип атабыз. Мен дагы 1 гектар септим. Жылда сээп жүргөн эгин да. Кант кызылчасын айдап, өстүрүү – татаал жумуш өзү. Аз дегенде жети жолу сугарыш керек. Бороз, культивация кылмайың болот. Үй-бүлөдө беш адамбыз, ойлоп атам: ушу эми бир гектар жерди жайы менен иштете алабыз го, деп...

Жылына өз техникасы менен кант кызылчасын сээп, кызмат көрсөткөн тракторист Нарис Жумабеков үчүн быйыл иш азыраак. Эми ал трактору менен жер айдап, мала тартып эмгектенүүдө. Ал эми кызылча сепкичи үйдө токтоп турат. Трактористтин айтуусунда быйылкы жылы болгону 20 гектарга жакын аянтка гана кызылча себилди:

-Көбүнчө жүгөрү, беде айдап атышат. Негизинен чөпкө өтүп калышты. Буга чейин жок дегенде 300-400 гектар жерге кызылча айдалчу. Быйыл араң эле 20 гектар жерге айдалды окшойт. Кызылча септирем деген кардар жок, ошондуктан, кызылча урук сепчү техниканы үйгө токтотуп койдум, - дейт Нарис Жумабеков.

“Кайыңды” кант заводун кайтарып алабыз”

Дыйкандардын кант кызылчасын айдоодон баш тартуусун Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги да кубаттоодо. Аталган министрликтин жетекчиси Арстанбек Ногоевдин маалыматы боюнча кызылча иштетүүчү ишканалар кант кызылчасынын бааларын көтөрүүдөн баш тартканы кант кызылчасынын айдалбай калганына негизги себеп:

-Эки завод бар, алардын ээлери кызылчанын баасын 1 сомдон өйдө көтөрбөй коюшту. Дыйкандар жок дегенде 3 сомго чыгарып берүүсүн сурап атышат. Ошондуктан, быйыл каалагандар сепсин, каалабагандар айдабай эле койсун, деп чечкенбиз. Жалпы Кыргызстанга ашып кетсе 60-70 миң тонна кумшекер керек экен, мындай өлчөмдөгү кант ансыз деле сырттан алынып келип жатат. Бул эки завод иштебей калса деле, биз кыйналбайбыз, - дейт Арстанбек Ногоев.

"Кайыңды" кант заводу мурунку президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев тарабынан алгач менчиктештирилип, андан кийин башка инвесторлорго сатылганы маалымдалган. Март ыңкылабынан кийин аталган ишкананы мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө таандык мүлк катары мамлекетке кайтарып алуу тууралуу сунуштар да болгон эле. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев "Кайыңды" кант заводун кайра мамлекетке кайтаруу боюнча атайын комиссия иш жүргүзүп жаткандыгын кабарлады:

-Бир сомдон алып он сомдон сатышчу. Он эсе пайда көрүшөт. Ошондуктан, быйыл иштебесе койсун дедик. Эмдиги жылы өзү келет, биз айткан баага көнөт деген ишеничтебиз. Бааны көтөр деген биздин сунушту укпайт, анткени менчик. Менчик ишкана албетте өз билгенин кылат экен. Өкмөттүкү болсо иштете бермекпиз, биз ачык иштемекпиз. Азыр бул ишкананы кайра мамлекетке кайтаруу боюнча атайын комиссия түзүлүп жатат. Мамлекет өзүнө алса, бизге берсин, биз тапканыбызды тең бөлүшөбүз.

Арстанбек Ногоев ишкананы менчиктештирген тарап инвестициялык келишимди аткарбагандыгын кошумчалады. Анын айтуусунда Кыргызстандын өзүндө кант заводун иштете турган инвесторлор да, адистер да бар. Адистер кызылчадан алынган канттын сапаты жогору бааланарын айтышат. Бирок бизге белгилүү болгондой Кайыңды кант заводу кызылчадан өндүргөн канттын дээрлик 90% экспортко кетүүчү. Кыргызстандын базарларына болсо Кытайдан жана Казакстан аркылуу кант тростнигинен алынган сапаты төмөн кумшекер апкелинип, сатылчу.



Канттын баасы дүйнөлүк базарда да кымбат

Быйыл кант кызылчасы айдалбайт деген маалыматы канттын баасы кымбаттайт деген чочулоолорду жаратууда. Анткени күн санап кымбаттап аткан азык-түлүктүн катарында кумшекер да бар.

Сүт дүкөнүнөн каймак сатып алып жаткан Гүлсара аттуу аял кумшекер кымбаттаса эң биринчи балдарга кыйын болот дейт:

-Менин балдарым кумшекерсиз чай ичишпейт. Минтип кымбаттай берсе балдарды кумшекери жок чай ичкенге үйрөтөбүзбү? Анын үстүнө кумшекер кымбаттаса, калган таттууларыңдын баары кымбаттайт да. Мен жөнөкөй жашоочу катары “Кайыңды” кант заводунун жабылышына каршымын.

Өткөн жылы дүйнөлүк кант базарында канттын баасы 25% кымбаттады. Адистер акыркы 25 жылдан бери баа мындай кымбаттабаганын айтышууда. Баанын өсүшүн токтотууга быйылкы жылы кант кызылчасынан алынган түшүмдүн молдугу да таасирин тийгизе албай жатат дешет окумуштуулар.

Өткөн жылы жалпы дүйнө боюнча 2,5 млн тонна кант кызылчасы жыйналган. Ошол эле учурда 1,5-3 млн тонна кумшекердин таңсыктыгы байкалды. Кант кызылчасын өстүргөн негизги өлкөлөр Кытай, Таиланд, Пакистан жана Индия сыяктуу өлкөлөрдө кургакчылык терс таасирин тийгизүүдө. Ал эми кант тростнигин өстүрүү жагынан 1-орунда турган Бразилия чийки затты негизинен спирт алууга жумшоодо деп белгилешет окумуштуулар.

Өткөн жылы кант тростнигинин 47% гана кант алууга жумшалган. Анткени дүйнөлүк базарда чийки мунайдын кымбатташы кантты азык-түлүк тобунан энергетикалык топко кошууда, дешет адистер. Бүгүнкү күнү дүйнөлүк базарда канттын 1 тоннасы 750 доллар турат. Адистер баанын мындан ары да өсөөрүн болжолдошууда.

Замира Кожобаева, Бишкек
Акан Иманов, Чүй
XS
SM
MD
LG