Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

12-апрелде “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылы уюштурган Элдик курултай өттү. Анда доклад жасаган “Акыйкат үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Аликбек Жекшенкулов азыркы учурда байлардын балдарынын гана билим алуусуна жол ачкан, түндүк-түштүккө бөлгөн жана экономикалык теңсиздикке алып барган саясат жүргүзүлүп жатат жана мындай багыт бара-бара мамлекетти жоготууга алып барат деп билдирди.

Урматтуу курултайдын катышуучулары,
ардактуу агайын туугандар!

Өткөн 17 жылдын ичинде ыйман, нарк-насил деген четке кагылып, азыркы учурда коомдун оор илдеттен арыла албай турган учуру. Бул илдеттен арылуу үчүн, адилеттүүлүк менен акыйкатты туу тутуп, ата-бабалардан келе жаткан каада-салтты сактоо керек. Ыймандуу жашоону жолго коюу аркылуу гана мамлекетти көтөрүүгө болот. Журт башында турган адамдардын сөз жүзүндө эмес, иш үстүндө элдин кызыкчылыгы үчүн катуу турушу, адамгерчиликти сакташы, чынчылдыгы мамлекеттин түбүн түптөө үчүн, аба менен суудай керек нерсе.

Мен ачык айтып коёюн, кыргыз мамлекети, так ушул маселеде катуу аксап турат.

Жалпы адамзат бара турган жолдон четтеген көрүнүш, эл аралык тажырыйбаны, илимди эске албай саясат жүргүзүү азыркы кыргыз мамлекетинин түбү түптөлө баштаганда эле байкалган.

Элдин руханий жактан өнүгүшүнө, мамлекет тарабынан кам көрүлбөгөндүктөн, руханий баалуулуктар жоголуп, маданий мурастарыбыз тебеленип, жазуучулар менен искусствонун адамдары, илимий кызматкерлер менен окумуштуулар, жалпы эле интелигенциянын үнү өчүп, жапайы маданиятсыздык айылыбыз түгүл шаарыбызга чейин терең сүнгүп кирүүдө, кино искусствосу менен театр өнөрү такыр унутта калууда. Анын оордун маданиятсыз видео тасмалар менен батыштык шоу-бизнес ээлөөдө.

Мына ушундай, элдин маданиятына, рухуна, духуна жат нерселерди, адилетсиздикти мыйзам аркылуу чектеп, жалпыга бирдей тартипти орнотуу керек.

Бирок, биз көрүп турабыз; мунун ордуна алдым-жуттумдук, паракорчулук, пастык, көр пенделик, акчалуулардын зулумдугу, ыймансыздык барган сайын адатка айланууда.

Мамлекетти курабыз деген түшүнүк президент, өкмөт жана Жогорку Кеңештин ортосундагы бийликти бөлүштүрүү, Конституцияны өзгөртүү деген көрүнүш менен чектелүүдө.

Конституция 7 жолу өзгөрдү, макталган программалар, стратегиялар кабыл алынды. Мамлекеттик идеология иштеп чыгабыз деген аракеттер болду. Бирок булардын кенедей дагы жыйынтыгы жок.

Себеби, иштин аныгында мамлекет жана мамлекеттик идеология улуулардын жолун улаган каада-салтка, адилеттүүлүккө, адамгерчиликке эмес, куру сөзгө байланып турат. Журт башындабыз дегендердин арасында көр пенделик алдыга коюлуп, күчтү, криминалды колдонуп, элдин башын будамайлап, маселе чечсе болот деген маанай өкүм сүрүүдө.

Миңдеген маданият, медицина кызматкерлери менен мугалимдер, өз кызматары мамлекет тарабынан бааланбагандыктан ден соолуктарынын бузулгандыгына, үй-бүлөсүнө карабастан ачык асман астында сода кылууга барып, чет өлкөлөргө жумуш издеп кетишүүдө.

Айыл жериндеги мектептерди бүтүргөн мыкты окуучулар, ата-энеси контракт төлөй албагандыгынан жогорку окуу жайларына өтө алышпай, өткөндөрү окууларын таштап билимин уланта алышпай калууда.

Ал эми мамлекеттик бийлик, жогорку окуу жайларын менчиктештирүү жөнүндөгү саясатты жүргүзүүнүн аракетинде болууда.

Мындай саясат мурдагы завод-фабрикаларды менчиктештирип талап-тоноп алган сыяктуу, мындан ары жалаң байлардын балдары гана жогорку билимдүү болуп, элдин социалдык теңсиздигине алып келет.

Мындай жолдо турган мамлекет катуу шамал болсо, кулап түшө турган тамырсыз дарактай.

Тартиптин болушу, адилет мыйзамга баш ийүү – бул туура жолдо бара жаткан коомдун эң башкы белгиси жана анын өсүп-өнүгүүсүнүн өбөлгөсү.

Тартипсиздик мамлекеттик бийликтин бардык баскычтарында күч алгандыктан, жарандардын арасында да уурулук, алдамчылык, зомбулук, сойкулук, киши өлтүрүүгө баруу бүгүнкү күндө мектеп окуучуларына чейин жетти. Ал түгүл «Ак жол» партиясынын депутаттары тарабынан сойкулукту мыйзамдаштырууну сунуш кылышууда. Кайда баратабыз?

Мамлекет мына ушуга көзөмөл кылууга тийиш. Акыйкаттыкты жана адилеттикти туу туткан элдин каада-салттары, ыймандык дөөлөттөрү мыйзам түрүндө бекемделиши керек.

Конституция, мыйзам дегенди жаза салыш оңой. Бирок, алардын чыныгы адилеттүүлүкө негизделиши, аны сактоо элдин руханий каада-салты, ыйманы менен тыгыз байланышкан.

Дүйнөлүк деңгээлде карасак Япониянын жаңы тарыхында муну даана көрүүгө болот. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1945-жылы, ал жерде жаңы Конституция, болгону 10 сааттын ичинде жазылып бүтүп, кабыл алынган. Ушул Конституция менен жапон эли азыркы кезге чейин жашап келет. Алардын жетишкен ийгилиги дүйнөгө белгилүү.

Бизде жазылып кабыл алынган Конституциялар калайык калк катышты деген сөз менен бир ууч адамдардын мамлекеттик аппараты пайдалануусу аркылуу кабыл алынган. Ошону менен бирге, жогорку бийликте турган адамдардын кылган иштери үчүн элдин аларды жоопкерчиликке тартуу укугу чектелип, мыйзамдын касиети качууда.

Кабыл алынган Конституциялар менен мыйзамдардан элдин кызыкчылыгына каршы келген көптөгөн мисалдарды табууга болот. Эмне үчүн? Мунун себеби эмнеде? Чыныгы себеби бирөө - бийликти кармап калуу, мамлекеттик мүлктү талап тоноп алуу, кылган иши үчүн жоопкерчилик тартпай, каалаганындай жашоо.

Мына ушундай багытта кетип бара жаткан биринчи президенттин тагдыры кандай болду, бул баарыбызга белгилүү. Бирок 2005 жылдагы окуялар азыр бийликти жүргүзүп жаткандарга сабак болбогону абдан өкүнүчтүү.

Эгемендүүлүктү алгандан бери тартипсиздикти ооздуктай албагандыктан жарандар арасында бирөөнүн мүлкүн бирөө тартып алуу көнүмүш адатка айланып, мамлекеттик көзөмөл жоголду.

Элге баш болот дегендердин эки ача иши коомго, өзгөчө жаштарга абдан терс таасирин тийгизүүдө. Жаштар арасында мыйзамга гана эмес, улуттук каада салтка дагы кош көңүл мамиле өкүм сүрүүдө. Кайыр суроо, бир үй-бүлөнүн мүчөсүнүн үй-жайсыз тентип калышы – бул кыргыздар үчүн өлүмдөн дагы, катуу иш болгон. Азыркы жаштар улуутук чыныгы дөөлөөтөрүн баалай албай, ким экенин унутуп көр оокатка байланышы, намыссыздыка жол берип жатышы – бул биринчи иретте азыркы бийликтин жооп бере турган иши.

Урматтуу делегаттар!
Элди, жаштарды туура багытка баштап, уютку болуунун ордуна бийликтегилердин бөлүп жарууга болгон аракеттери күч алууда.

Кыргыз эли улут катары тээ илгерки доорлордо эле калыптанган! Аны “түндүк”-“түштүк” кылып экиге бөлүп жарууга кылган аракеттин, биз элге кылган душмандык катары баалайбыз!

Мамлекет ар бир регионго, ар бир айылга тең саясат жүргүзүшү керек.

Советтик доорду, эски бийликти бүгүнкү мамлекеттин жетекчилери регионализмге байланыштуу айып тагып сынга алышчу эле. Бирок азыркы абал мурункудан дагы алда канча оорлошту.

Акыркы жылдарда Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары боюнча, калктын кедей жашагандары, басымдуу көпчүлүгү, түштүктө жашайт. 2005-2007 жылдары түштүк региондордо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү, өлкө боюнча болгону 25% түздү. Түштүктөн эмне үчүн эл Россияга, Казахстанга башка жака көчүп, жер ээн калып, аны коңшу мамлекеттин жарандары басып алууда? Себеби Түштүк регионго бийликтин камкордугу жоктугунан.


Ош жибек комбинатына окшогон калкка кыйын күндө арка боло турган өндүрүш ишканалары текейден арзан сатылып, аны сатып алган чет элдик соодагерлер бириндетип талкалап, станок, аппараттарын, өндүрүш жабдыктарын өз өлкөсүнө ташып кеткенин баарыбыз билебиз. 2006 жылы, өлкөгө келген инвестициялардын түштүкө бөлүнгөнү болгону 12 %. Соода айланышы түштүк аймактарында болгону - 13%.

Кыргыз жерин түштүк-түндүк кылып, аймактык бөлүнүүнү күчөткөн экономикалык жана социалдык теңсиздик барган сайын күчөөдө. Эмне үчүн бирдиктүү мамлекеттик программа, экономикалык система түзүлбөйт?

Эмне, кыргыз жергесин түштүк-түндүк кылып арасын ачып, элин дүйнө кездирип, анан алардын бош калган жерин коңшу мамлекеттерге салып берейин деген саясат жүргүзүлүп жатабы?

Анан жүрүп бул проблеманы оппозицияга жабыштыруу, аны регионалдык бийлик талашкандардын кыймылы кылып көрсөтүү – бул алсыздыктын белгиси.

Чындык менен адамгерчиликти тепсей албайсың!

Мен чын дилимден айтайын, биз түштүктү жоготсок, анда Кыргызстанды жоготобуз! Түштүк аймактарыбыздын оор абалы бул - элдин духуна оңолгус доо кетирүү болуп эсептелет! Ошондуктан Түштүк регионун өнүктүрүү боюнча атайын экономикалык жана социалдык программаны мамлекеттик деңгээлде иштеп чыгуу керек. Түштүктөгү жибек чыгаруучу комбинат өндүрүш ишканалары, азыркы замандын деңгээлинде калыбына келтирилиши керек!

Бирок элдин кызыкчылыгына карабастан тескери саясат улантылууда. Мамлекеттик деңгээлде иш уюштуруу деген жок. Болгону, мамлекет аркылуу ишти уюштуруу колдон келбейт, сатуу керек деген сөздөр айтылып, токтомдор чыгууда.

Азыркы деңгээлде, жеткен чегибизди, президенттин шайлоо алдындагы программасындагы сөзү аркылуу аныктасак болот: "Бийликти элдин жашоосуна карап баалоо керек. Эл кедей жашаса, бийликтин жарамсыздыгы ошол!".

Бүгүнкү күндү карасак, бийликтин жарамсыздыгы элдин намысына доо кетирүүдө.

Мен көптөгөн чет элдик дипломаттар менен мамлекеттик ишмерлерден көп-уктум. Алар айтат: кыргыз эли, өзүнүн жана мамлекеттин тагдырын чечкенге толук мүмкүнчүлүгү бар.

Азыркы заманда кыргыз эли чыныгы өнүгүү жолуна түшүүсү керек. Ошондо, ал улут аралык теңдикти, чыныгы бир туугандык мамиледе, өнүүгүүнү жана адилеттикти камсыз кылат. Себеби биздин маданиятыбызда, руханий дүйнөбүздө, ата-бабабыздын салты бар.


Урматтуу замандаштар, агайын-туугандар! Өз тагдырыбыз өз колубузда! Мен ушул жерде отурган катышуучуларга, бардыгыңыздарга кайрыламын! Элдин аң-сезимин, жан дүйнөсүн ойготолу! Адилеттүүлүктү калыбына келтирип, мамлекеттибизди оңдойлук!

Кыргыз эли, өз башынан абдан көп нерселерди өткөргөн. Мындай доордо жаңыланып өз жолун табат. Башкалар менен катар ырыстуу, татыктуу, алдыңкы мамлекеттердин катарынан орун алат!!

Мен буга терең ишенем!!!

P.S. Президенттик администрациянын басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев элдик курултайда сын пикирлердин айтылышын Кыргызстанда демократиянын бар экендигинин далили жана ал мыйзам ченемдүү көрүнүш деп, "Азаттыкка" берген интервьюсунда баалады. Ал эми өткөн жылы экономикада ички дүң продукциянын өсүшүнүн 8%ды түзүшү, Камбарата-2 ГЭСин курууга киришүү жана социалдык тармактагы өнүгүүлөр эле азыркы бийликтин аракетин айгинелейт деп, саясий тармакта конституциялык реформанын жүргүзүлүшү менен бийлик саясий туруктуулукту камсыз кыла алды деп билдирди. Президент К.Бакиев 24-март майрамына арналган куттуктоосунда элди биримдик менен алга баруу чакырыгын эске албай жана конструктивдүү сунуштарды айтпай эле курулай сындоо да демократиянын көрүнүшү экендигин жана көп сын айтылып жаткан энергетика тармагын жакшыртуу боюнча оппозиция бир да иштиктүү сунуш киргизбегендигин Д.Эсеналиев баса белгиледи. (BD)
XS
SM
MD
LG