Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

ДЕНЕ ТАРБИЯ КӨНҮГҮҮЛӨРДҮН ПАЙДАСЫ; ЫШ МЕНЕН КӨӨНҮН ЗЫЯНЫ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Дене тарбия көнүгүүлөрүн такай жасап келген адамдын денсоолугу алда канча чың болоору мурдатан бери белгилүү. Бирок ал көнүгүүлөрдү дээрлик жасабаса, саламаттык тез жабыркап калууга жөндөмдүү болоору жакында эле аныкталып отурат. Америкалык медициналык мекемелер ассоциациясынын журналы (JAMA) жакында иликтөө жүргүзүп, эки жумадай кыймылды азайткан адамдын бели орто эсеп менен жети пайыздай жооноюп, ошону менен эле катар эски оорулары козголушу мүмкүн экенин аныктаган.

АКШдагы Миссури жана Копенгаген университеттеринин окумуштуулары иликтөө жүргүзүп, ага катышып жаткандарга кадимки турмушундагы денесине күч келтирүүчү кыймылды болушунча азайтып көрүүнү сунушташкан. Маселен, тепкич менен көтөрүлбөй, ар дайм лифт колдонууну, азыраак кыймылдып, чуркабай турууну айтышкан.

Миссури университетитинин профессору Франк Буттун айтымында, мындай аз кыймылдын натыйжасы тез эле байкалган:

-Бир жуманын аралыгында эле жабыркаган кандан глюкоза алууга болот.

Ал эми канды глюкозадан жана майдан арылтуу алда канча көбүрөөк убакытты талап кылат. Ушул учурда адам аз кандуулук дартына чалдыгып калышы ыктымалдыгы күчөп, же эски оорулары козголот.

Бул иликтөөгө жалаң эркектер катышып, алар болжол менен 27 жана 24 жаштагылар болуп эки топко бөлүнгөн. Атайын спорт менен жигердүү машыкпагандар, тамеки чеккендер тандалып алынган. Жумасына жок дегенде эки жолу спорт менен машыккандар иликтөөгө ылайык киргизилген эмес.

Канчалык салмак кошулду деген көрсөткүчтөр эки жумадан кийин байкалган. Айрымдары толгону менен, кээ бирлери арыктап да кеткен. Ушундан улам адистер салмак адам денсоолугунун көрсөткүчү эмес экенин белгилеп жатышат.

Профессор Бут адамдарга өздөрүнүн денсоолугу үчүн көбүрөөк жөө жүрүү маанилүү экенин дагы бир жолу белгилейт:

-Албетте жөө жүргөн адам денесин суналта кармай алаар, бирок ээринбей күндө бир маал дене тарбия көнүгүүлөрдү жасап турса, саламаттагы үчүн алда канча жакшы болоору аныкталган.

Климаттын өзгөрүшүнө көмүр кычкыл газы көбүрөөк күнөөлөнүп жаткан тапта окумуштуулар көө ыш сыяктуу кара көмүр тектеринин булганган формалары глобалдык жылуулукка алда канча көөбүрөөк салым кошорун айтып жатышат. Гималайда кара көмүр тектеринен күндүн ысышы мөңгүлөрдүн ээришине алып келген көмүр кычкыл газы сыяктуу эле маанилүү болушу мүмкүн.

Калифорния жана Айова университеттеринин окумуштууларынын жаңы иликтөөсүнө ылайык токойлордун, көмүрдүн жана башка нерселердин күйүшүнөн чыккан ыш көө глобалдык жылуукту жараткан экинчи эле себеп.

Чыгыш Азия жана тропикалык аймактарда ыш менен көө өтө көп чыгаары белгилүү болгон. Кытай менен Индиянын үлүшүнө болжол менен 25-35 пайыз туура келет. Бул чөлкөмдөрдө тамак бышыруу үчүн отун, тезек жагылып, үйлөр көбүнесе көмүр менен жылытылат.

Калифорния университетинин иликтөөчүсү Раманасан башка бир иликтөөсүндө үйдө тамак-аш жасап жатканда чыккан түтүндөн дем алгандыктан Чыгыш Азияда төрт жүз миңдей аялдар жана балдар каза тапканын аныктаган.

Раманасандын пикирине ылайык түтүн чыгарбаган мештерди колдонуу кара көмүр тектерден абанын булганышын эле азайтпастан көп адамдардын өмүрүн сактамак.

Азия чөлкөмүндө ыш менен көөнү көбүрөөк болгону менен бул аймак кара көмүр тегин чыгарган жаатта жалгыз эмес. Окмуштуулар АКШнын айрым бир бөлүгүндө жана кээ бир Европа мамлекеттеринде ушундай көрүнүштөр катталганын билдиришти.
XS
SM
MD
LG