Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

13:35 Каржы полициясы кызматы түзүлдү


Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы каржы полициясы каржы полициясынын кызматы болуп кайра түзүлдү. Ага негиз берген жардыкка президент кол койгондугун президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жардыкка ылайык Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети жана Бажы комитети экономикалык кылмыштарды тергөө милдетин жабдуулары жана буга чейинки тиешелүү материалдары менен бирге Каржы полициясы кызматына өткөрүп берет.Натыйжада, мындан ары экономикалык кылмыштарды бир гана ушул мекеме иликтеп, тергей баштайт. Андан тышкары бул мекеме кызматтык кылмыштарды, тактап айтканда, мамлекеттик кызматкерлердин ишкерлерден пара алуусуна да көз салат. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG