Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

12-апрелде Кыргызстандын туш тарабынан келген эл өкүлдөрү өлкөнүн бүгүнкүсү менен эртеңкисин талдооого алышты. Элдик жыйын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/9D5068E5-F121-4519-B059-333F842953CC.ASP өткөн жылы толгон-токой мыйзам бузуулар менен өткөн парламенттик шайлоонун, ошондой эле жалпы элдик референдумдун жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын ырастады. “Азаттык” үналгысынын “Бетме-бет” талкуусу элдик жыйындан уюштурулду. Ага белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер Накен Касиев, Абдыганы Эркебаев, Топчубек Тургуналиев, Алмамбет Матубраимов катышты. Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурду.

Бекташ Шамшиев: - Накен мырза, курултайдан сиз эмнени күтөсүз? Курултай бийлик менен оппозициянын ортосундагы тирешти токтотуп, өлкөнүн турyктyу өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү мүмкүнбү?

Накен Касиев: - Бийлик менен оппозициянын ортосунда келишим болуп, Кыргызстанды жакшы жагынан алып кетпесек, мурункудай тиpешүү, аркы-өйүз берки-өйүздөн эчтеке чыкпайт. Мына ушул чындыкты бийлик да моюнга алып, өзүнүн конкрет сунушун берип, ушул курултайдын чечиминен жыйынтык болсо анда элдик жыйын өз мүдөөсүнө жетет. Кээ бир бийлик төбөлдөрү “ой, өткөрө беришсин, курултай деген, коомдук парламент деген эмне” деп жатышпайбы. Мындай текебер мамиле улана берсе, анда оппозиция менен бийликтин ортосундагы ажырым күчөйт. Бул жакшылыкка алып барбайт.

Б.Шамшиев: - Топчубек мырза, бийлик менен оппозициянын ортосундагы тирешти жумшартып, курултай коомду турукташтырyуга өбөлгө түзө аларына ишенесизби?



Т.Тургуналиев: - Жок, ишенбейм. Себеп дегенде, бүгүнкү бийлик эски замандагыдай эле оппозиция менен түздөн-түз сүйлөшкөнгө даяр эмес. Мен билгенден акыркы үч жылда андай аракет байкалган жок. Бул бир жагы.

Экинчи жагынан оппозиция жактагылардын да күнөөсү бар. Мамлекеттик төңкөрүштүн төрт-беш аракети болду. Андан тышкары Кыргызстанды жарандык кагышуу чегине алып барып, чакчелекей түшүргөндөр болду. Өзгөчө Ф.Кулов тараптагылар. “Фронт”, “Канжар” деген элдин үрөйүн учурган аттарды коюп алып абдан жаман нерселерди жасады. Ошондуктан эки тарабында тең бар.

Мен баса айткым келет, элдик революциянын негизги талаптарынын бири да аткарылган жок. Мына азыр деле Кыргызстанды өсүү жолуна сала турган президенттин колу таза, чечкиндүү командасы жок. Бүгүн деле президенттин жанындагылардын 95% ошол эле А.Акаевдин жанында жүргөндөр, шылуундар. Экинчиси экономикада жылыш жок.

Азыр да он миңдеген адамдар паспорт алар замат башка өлкөлөргө кетип жатышат. Экономикадагы өсүштөр “желсандардын” эсебинен болууда. Эгер өсүү болуп жатса, анда эмнеге 100 миңдеген адамдар башка жактарга кетишүүдө? Эл турмушу оорлоодо. Баалар өсүүдө.

Б.Шамшиев: - Абдыганы мырза, кеп сизде.

А.Эркебаев: - Буга чейин деле курултайлар болуп келген. Бирок бул курyлтайдын эки өзгөчөлүгү бар: биринчиден, Конституцияда курултай нормасы киргизилген. Курултай мыйзамдуу. Экинчиден, мына чогулган элди көрүп жатасыз, көпчүлүктүн маанайы, анан да ушунча көп адам катышкан курyлтай имарат ичинде чоң деңгээлде өтө элек болчу. Ал эми маңызы боюнча айтканда, курултайды уюштуруучулардын эч биринин ниетинде кандайдыр бир чоң бурулуш жасап жиберели деген ой жок. Биз Кыргызстанда түзүлгөн саясий-экономикалык кырдаалды талкуулап, айрыкча 2005-жылдан кийинки үч жылдын жыйынтыктарын чыгарабыз. Мындан ары кандай болуу керек? Мына ушулар тууралу ой-пикир айтып, сунуштарды иштеп чыгуу. Элдин пикирин угуу, аны бийликке жеткирүү.

Мен эч убакта эл менен бийликтин бөлүнүш жолун каалабайм. Колдон келсе аны ушундай чогулуш, жыйналыш жолу менен мунасага келип орток багытты алып кетиш. Түзүүчүлүк багытта бийлик менен чогуу иш-аракет жасоо ниетиндемин.



Б.Шамшиев: - Алмамбет мырза, сиздин курултай тууралуу пикириңиз.

А.Матубраимов: - 17 жыл ичинде куруунун ордуна артка кетип жатабыз. Мен бул жерге прогрессивдүү адамдарды чакырганы келдим, оппозиция менен биргелешип, жөнөкөй элдин колдоосу менен бир чечимге келишибиз керек. Мына, бир бийлик кетти, экинчиси келди. Дагы кимиси келет? Эл туңгуюкта турат. Эл чогуусу менен көтөрүлсө бул оңой эле чечилчү маселе. Мен ойлоп жатам. Бири бирибизге күнөө койбой, жөнөкөй элдин, интеллигенциянын арыз-муңун угуп, сунуштарын угуп кетсек жакшы чечимге келебиз. Эгер элдин мүдөөсүн укпасак, эл жарылып кетиши мүмкүн.

Б.Шамшиев: - Накен мырза, курултай институту саясий максат-мүдөөнүн куралына айланып кетти. Ага сиздин мамилеңиз кандай?

Н.Касиев: - Менин буга мамилем туура. Ошондуктан буга бийлик, коомчулук, саясий күчтөр өткөргөн курултайларды жерибеш керек. Бирок курултайды аты үчүн эле өткөрбөш керек. Аны максаты болушу абзел. Ошондо ал мүдөөсүнө жетет деп ойлойм. Бул институт абдан туура, бул керек нерсе.



Б.Шамшиев: - Топчубек мырза, кеп сизде.

Т.Тургуналиев: - Элдик курултай институту байыртан келаткан элдик жыйын. Жаңы заман тушундагы курултайлардын бул мен билгенден сегизинчиси. Анын жетөөнө мен катышкам. Алардын бүт бардыгы жакшы деңгээлде өткөн. Кыргызстандын көйгөйлөрүн талкуулап, президентке өкмөткө сунуштар берилген. Ушул жагынан алганда бүгүнкү курлтай да жакшы тыянакка келиши мүмкүн. Болгонду болгондой, агын-ак, карасын кара деп айта турган болсо курултай өзүнүн максатына жетет.

Эл деген улуу күч ортодо, бир жагында бийлик, экинчи тарабында оппозиция турат. Мына ушулар бир мунасага келип, бийлик тарабынан жакшы жакка өзгөрүүлөр, чукул жакка өзгөрүүлөр болбосо анда бул бийликтин иши чатак. Борбор Азия элдеринин ичинде кыргыздар, Кыргызстан калкы мындай турмушка чыдай албайт. Бекекринен 2005-жылы революция болгон эмес да. Революциялык рух азыр деле күчтүү. Бийликтегилер эл үчүн көп нерселерди жасашкан жок. Элдин чыдамынын да чеги бар.

Б.Шамшиев: - Абдыганы мырза, буга чейин 8 курултай өткөнү айтылды. Курултай өзүн-өзү актап жатабы?

А.Эркебаев: - Курултай биздин тарыхый салтыбыз, ал айрыкча түрк калктарында дайым боло келген. Мен аны жокко чыгара албайм. Курултай Конституцияга кирип, мыйзамдулук жагынан ооп баратат. Муну мен да колдоймун. Түпкүлүгүндө мындай пикир алмашууга эмне жетсин. Мунун эч бир жаман жагы жок. Мүмкүн курултай тууралуу мыйзам кабыл алып, акырына чейин тактап койсо жаман болбойт.

Б.Шамшиев: - Алмамбет мырза, кеп сизде.

А.Матубраимов: - Элди биз унутпай, эл бизди багып аткандан кийин дайыма аны алдыга тартышыбыз керек. Бул коомдук өнүгүш үчүн керек.

Б.Шамшиев: - Накен мырза, ушу тапта кыргыз коому, өлкөсү башынан кечирип аткан проблемалардын эң орчуну деп эмнени айтат элеңиз?

Н.Касиев: - Саясий жагынан алсак. Түндүк-түштүк, трайбалисттик бөлүнүүчүлүктү жок кылабыз деп партиялык тизмеге барып, бирок ошол жакшы нерсени бузуп таштаганыбыз мени өкүндүрөт. Экономикадагы ахывалды көрүп жатасыз. Экономика негизи туура саясат жүргөн жерде гана өнүгөт.



Б.Шамшиев: - Абдыганы мырза, сизге делe ушул суроо. Кыргызстан үчүн ушу азыр кайсы проблема оор, аны жоюунун кандай жолдору бар?

А.Эркебаев: - Кыргызстан өчөйүп эле отуруп калды дегенден алысмын. Ошондой ойду айткан адамдар да бар. Экинчиден, баары эле жакшы деп айтыштан да алысмын. Турмуш кандай болсо ошондой кабыл алыш керек. Былтыр жайдан тарта бизде айыл чарба коопсуздугу келип чыкты. Баалар өсүп кетти. Энергетикадагы абал да жакшы эмес. Суу башы болуп туруп энертегикада кандай абалга келип жатабыз.

Андан кийин менин көңүлүмдү аябай өйүткөн маселе - чегараларыбыздын эмдигиче такталбагандыгы. Кытай менен кандай иш бүттү. Казакстан менен проблемалар. Менимче, булар салыштырмалуу оңой эле нерселер. Эң оор жагдай – Тажикстан, Өзбекстан менен чегараларды тактап ордуна келтириш. Эң чоң чыр-чатак ушерде. Эң биринчи жерге байланышкан кантөгүш 1989-жылы Баткенде болгон. Мен ушул үч маселеге жеп-ичкендикти, коррупцияны кошор элем. Ал азайбай жатат. Аны толук жок кылыш мүмкүн эмес.

Б.Шамшиев: - Алмамбет мырза, сөз сизде.

А.Матубраимов: - Мына дүйнөдө азык-түлүк кымбаттоодо. Айылда аксакалдар булак качып кетти деп айтышууда. Алдыдагы 6 – 7 жылда кургакчылык болот. Бул айыл чарбасы өксүйт деген сөз. Ансыз да тамак-аш баасы асманга кетип жатат. Чет жерде иштеп аткандардан акча келбесе кантер элек бир кудай билет. Элге анын баарын ачык айтышыбыз зарыл.



Б.Шамшиев: - Абдыганы мырза, мына кийинки кездери үйбүлөлүк башкаруy тууралуy көп кептер болууда. 2005-жылдан кийин үйбүлөлүк башкарууда өзгөрүү болгон жокпу?

А.Эркебаев: - Албетте, мен да эл катары ошондой сөздөрдү угуп жүрөм. Колдон келсе ошого жол бербеш керек. Мурдагы бийликтен сабак алып, ошондой сөздөргө негиз бербесе деген ойду айткым келет.

Б.Шамшиев: - Алмамбет мырза, сиздин пикириңиз.

А.Матубраимов: - Мен да ошондой сөздөрдү көп угуп жатам. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт. Андай сөзгө негиз барбы деп ойлоп жатам. Бирок негизи ал эмес. Ошол үйбүлөлүк башкарууну жароокерлер, жасакерлер кылып жатат. Эки тарап жамандап, президентке айтып, башкаларды коюп жатышат.

Б.Шамшиев: - Накен мырза, сиз ушуну кандай деп ойлойсуз?

Н.Касиев: - Чынында ушундай маанай болуп жатат. Өткөн, азыркы бийликте да. Ошондон мен ойлойм, ушу тапта кыргызга парламенттик башкаруу туyра келип турат. Мун саясат эмес, бүгүнкү күндүн чындыгы катары көрүш керек. Мурунку, азыркы президент тууган-тyушкандарды жакындатып, ошолордун айткан-дегени менен иш болуп жатат. Ошондуктан азыркы кризистик абалдан чыгуунун бир жолу - парламенттик башкаруyга өтүш.

Б.Шамшиев: - Маегиңиздер үчүн чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG