Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

КЫРГЫЗСТАНГА КОШ БИЙЛИК КЕЛГЕН АТАБЫ?


Eurasia View аталышындагы интернет баракчасында жарыяланган көлөмдүү макалада Кыргызстандагы саясий абал талдоого алынып, бүгүнгө чейин болуп көрбөгөн катуу кыш мезгили соңуна чыга баштаган ушул күндөрдө президент Курманбек Бакиев менен оппозициялык күчтөрдүн ортосунда абдан катуу саясий таймаштын алгачкы жышааналары өзүн сездире баштаганы билдирилген. Оппозиция бийлике каршы эрегишүүнүн стратегиясын элдик курултайдын тегерегинде уюмдаштырганы бышыкталган макалада “Кыргызстанда кош-бийлик сценарийи иштей баштадыбы” деген суроо коюлат.

Аталган вебсайтта жарыяланган бөлөк бир макалада болсо “Глобалдык каржылык кризистен эң оор запкыны КМШ өлкөлөрү жейт” деген пикир билдирилген. Дүйнө банкынын баяндамасына таянуу менен макалада АКШ жана Батыш Европадагы финансы базарларындагы өнөкөт кризистин айынан Чыгыш Европа жана экс-советтик жумуруяттардын экономикаларынын өнүгүү темпи басаңдап калышы ыктымал экени эскертилип, “эң кедей өлкөлөр эң ири запкыны жейт. Ошондуктан Дүйнө Банкы Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүн, элдин социалдык жактан коргоого муктаж катмарына бюджеттин эсебинен жардам бере алыш максатында бюджеттик чыгымдарын кайра карап чыгууга чакырууда” делинет.

Лондондун Economist журналы кийинки санында Казакстанда Казак Темир Жолдун төрагасы Жакшыбек Кулекеевдин бир фирмадан 100 миң доллар пара алган деп айыпталып кармалышы жөнүндө маселеге сереп салынган. Казак нормаларында 100 миң доллар пара күлкүлүү нерсе экени белгиленип макалада ошончолук адамдардын ичинен өлкөдө чоң сый-сыпатка ээ жана өткөндө эч кандай бир арам ишке аралашпаганы билинген Кулекеевдин гана кармалышы таң калардык көрүнүш экени билдирилет да, “ал кандайдыр бир интриганын курмандыгы болгону ажеп эмес” деген пикир баяндалат.

The International Crisis Group аталган көз карандысыз, өкүмөттөрдүн үстүнөн караган эларалык уюмдун интернет баракчасында “Кыргызстанда юридикалык реформанын маселелери” деген баш сөз менен көлөмдүү бир макала жарыяланган. Макаланын автору Андрев Стрөөлейн, “эгерде Кырыгызстан жашап калууга жөндөмдүү бир өлкө болгусу келсе анда баарынан мурда, коррупцияга белчесинен баткан жана өкүмөттүн таасири астына кирип кеткен юридикалык системасын реформалашы абзел” деген пикирин баяндаган. “Соттордун калыстыгына болгон ишенимсиздик, кеңири кулач жайган коррупция жана абдан жоош темп менен жүргөн сот бардыгы биригип өлкөдө сот системасына карата болгон элдин ишенимсиздигин күчөтүүдө. Ошонон улам эл, чыр-чатагын башка жолдор аркылуу чечүүгө аргасыз болуп, көпчүлүгү криминалдуу элементтерден же шарыяттык түзүмдү жактаган кишилерден турган чөйрөлөр соттун ордун ала баштады. Кыргызстан 1990-жылдарда жигердүү юридикалык реформаларды ишке ашыра баштаган менен Аскар Акаевдин сотту өзүнүн каршыларын куугунтуктоодо колдонуусу жана жетекчиликтин советтик доордогу ыкмаларды кайра колдоно баштоосу аркылуу эч кандай натыйжа берген жок” деп айтылат макала.
XS
SM
MD
LG