Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

Гүлайым Ашакеева, Бишкек Вашингтондогу “Newseum” деп аталган музей дүйнөлүк журналистикага арналган эркин, көз карандысыз маалымат таратуунун символунун бири болуп саналат. Музейдин эскерүү тактасында кесибин аркалап жүрүп, ар кандай жагдайда курман болгон 1800 журналист, сүрөт-кабарчылардын аттары жазылган.

11-апрелде аталган музейдин эскерүү тактасына 2006-2007-жылдары дүйнөнүн ар кайсы бурчунда кызмат үстүндө курман болгон журналисттердин аттарын чегүү аземи болду. “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын төрт журналистинин аты дагы бул тактага түбөлүккө жазылды. Алар түркмөн кызматынын кабарчысы Огулсапар Мурадова, Ирак кызматынын эки журналисти Хамаил Мухсин Халаф жана Назар Абдулувахид аль Радхи, анан дагы кыргызстандык көз карандысыз журналист Алишер Саипов.

Алишердин атасы Аваз Саипов уулунун эмгегинин мындай эл аралык деңгээлде таанылгандыгына көңүлү толуп тургандыгын айтты:

-Мен кандай кабыл алат элем...? Рахмат! Ушул Алишерди эскеришип, анын кылган эмгегин баалашканына рахмат!

Ошондой эле Аваз Саипов журналист уулунунун өз кесибине өзгөчө мамиле кылгандыгын дагы токтолду:

-Менин балам жеке ою, өз көз карашы бар журналист эле. Калыстуулук менен эки тарапты тең бирдей көрүп макала жазып турган.



Саиповдун ысымынын “Журналистика музейиндеги” эскерүү тактасына жазылышы жергиликтүү журналисттердин жүрөгүн дагы бир жолу “болк” эттирди. Медиа Институттун жетекчиси Илим Карыпбеков бул тууралуу мындайча ой бөлүштү:

-Бул жерде эч кандай сыймыктана турган, ардактана турган сезим албетте, жаралган жери жок. Бул жерде айтып кете турган нерсе - журналисттин ысымын мындай белгилөө Алишер Саиповдун ишинин кесепетинен каза тапканын, башкача айтканда журналисттик кесибине патриоттуулук сезим менен жанын бергендигин дагы бир жолу аныктайт.

Алишер Саипов киши колдуу болуп өлтүрүлгөндөн бери 5 айдан ашуун убакыт өттү. Бул мезгилде кылмыштын бетин ачуу аракеттери болгону менен иликтөө иши азырынча эч натыйжа бере элек. Кыргызстандын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев “Азаттыкка” берген маегинде Алишер Саиповдун өлүмүн изилдөө иштери жандандырылып, кылмышкерди издөө коңшу өлкөлөрдүн атайын кызматтары менен биргелешип жүргүзүлүп жаткандыгын жана айрым басма сөзгө чыккан Саиповдун өлүмүн иликтөө толугу менен токтотулду деген маалымат туура эмес экендигин айтты:

-Саипов боюнча күчөтүлгөн режимде иш жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан менен дагы ушул боюнча байланышта иштеп жатабыз. Саиповдун өлүмүнө шектүү делген эки адамдын сүрөтүн жөнөттүм. Себеп дегенде ошол сүрөттөгү адамдарды көргөндөр бар, ошол адамдарды сүрөткө тартып алган кишилер да бар. Мына ошол сүрөттөр бүгүнкү күнү интернетте да турат.

Министр мурда журналисттин өлүмүнүн себептери катары саясат, баңги зат, диний уюмдар менен байланышкан негиздер каралып жаткандыгын айткан. Бирок бул негиздердин арасында журналисттин кесиптик ишмердүүлүгү аталган эмес.



“Свобода не знает границ. Власти Узбекистана как-то пытаются контролировать границу с помощью своих кыргызских коллег, с помощью своих таджикских коллег…”

(Алишер Саипов, “Америка добушу” үналгысы, 2007-жыл)

Медиа институттун жетекчиси Илим Карыпбековдун пикиринде, укук коргоо органдары журналисттин өлүмүн иликтөөгө чечкиндүүлүк менен киришпей жатат:

-Укук коргоо органдары журналисттерге карата болгон буга чейинки кылмыштардын биринин дагы бетин ача элек. Бул өтө эле терс көрүнүш. Менин оюмча кийинки эки-үч айдын аралыгында Алишер Саиповдун тергөө иши жөнүндө ишти жарыкка чыгарып, укук коргоо органдары өзүнүн негиздүү иш аракеттерин далилдебесе, анда медиа чөлкөм - биз чечкиндүү бир кадамдарды шилтебесек абал мындан да өтө начарлап кетмекчи, - деп Илим Карыпбеков ой бөлүштү.

Бир катар эл аралык уюмдар, адистер, журналисттер Алишер Саиповдун өлүмү анын журналисттик кесиби менен түздөн-түз байланышта болуп, буйрутма жол менен ишке ашкандыгын ар кыл маалымат каржаттарында байма-бай атып келишүүдө.

БиБиСи үн алгысынын кызматкери Шахида Тулегенова Алишерге кол салуу болоордун алдында аны менен чогуу отуруп маектешкен. Анын айтуусунда Саиповдун өзбек бийлигинен башка эч кандай душманы жок экендиги жана жаш журналисттин алдында көптөгөн ой-максаттары болгон.

26 жаштагы Алишер Алишер Саипов өткөн жылдын октябрь айында Ош шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ал “Америка добушу”, “Эркин Европа/Азаттык” үналгыларынын кабарчысы, “Сиёсат” деген курч көз караштагы жумалык гезиттин редактору болуп иштеген.

Сүрөттөр http://www.newseum.org интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG